Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
ЖОГОРКУ БИЛИМ БЕРҮҮ БОЮНЧА КЫРГЫЗ-ВЕНГЕР ЖУМУШЧУ ТОБУНУН БИРИНЧИ ОТУРУМУ ӨТТҮ

Көрүлдү: 541

31-майда жогорку билим берүү боюнча кыргыз-венгер жумушчу тобунун биринчи жыйыны өткөрүлдү.

post.title

Отурумга кыргыз тараптан Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин жогорку, орто кесиптик жана жогорку окуу жайдан кийинки билим берүү башкармалыгынын башчысы Азамат Найманбаев, илим бөлүмүнүн башчысы Жылдызбек Жакшылыков, эл аралык кызматташтуу жана өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы Айзаада Апышева, Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын ректорлору катышты.

Тараптар “Stipendium Hungaricum” стипендиялык программасынын алкагында Кыргызстандын студенттерин окутууну узартуу механизмин иштеп чыгууну, I кыргыз-венгер ректорлор конференциясынын алкагында кол коюлган эки өлкөнүн ЖОЖдорунун ортосунда түзүлгөн макулдашууларды сапаттуу ишке ашырууну, Венгрия менен Кыргызстандын университеттеринде кыргыз жана венгер тилдерин окутуу, илим тармагында кызматташтууну талкуулашты.

Ошондой эле жумушчу топтун мүчөлөрү максаттарды, милдеттерди жана тапшырмаларды аткаруунун графигин аныктап, макулдашышты.

Жогорку билим берүү боюнча кыргыз-венгер жумушчу тобунун отуруму онлайн форматта өттү.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар