Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
ЭКОНОМИКА БОЮНЧА ЭЛ АРАЛЫК ОЛИМПИАДАНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ СЫЙЛАНДЫ

Көрүлдү: 674

Бүгүн, 30-майда билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев Аалы Токомбаев атындагы №24 мектеп-гимназиясында өткөн Экономика боюнча эл аралык олимпиаданын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземине катышты.

post.title

Министр олимпиаданын катышуучуларын келечекте өлкөнүн экономикасынын башкаруучулары деп атап, аларды маалыматтык технологиялар менен санарип экономикага көңүл бурууга чакырды.

Олимпиаданын жеңүүчүлөрү Кыргызстандын атынан Братислав шаарындагы Эл аралык экономикалык олимпиадага катышышат.

Жеңүүчүлөр:

  1. Мухтаржанов Изатулло – Ош шаарындагы П.Купуев атындагы билим берүү академиясы;
  2. Орозбеков Актан – Бишкек шаарындагы Г.Гмайнер атындагы окуу-тарбия комплекси;
  3. Зарылбекова Герда – UWIS;
  4. Айбекова Айым – UWIS;
  5. Тилек Арууке – Бишкек шаарындагы №38 мектеп.

9-10-11-класстын окуучулары арасынд өткөн олимпиаданын I туруна республиканын бардык аймагынан 1700дөн ашуун окуучу катышып, анын 53ү финалга өткөн.

Экономика боюнча олимпиаданы  Борбордук Азия университети  Economic Fundamentals Initiative (EFI) долбоорунун колдоосунда  уюштурулду.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар