Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
10 МИҢДЕН АШУУН МЕКТЕП ОКУУЧУЛАРЫ АРТЫКЧЫЛЫКТУУ АДИСТИКТЕРДИН ЖАНА КЕСИПТЕРДИН ФЕСТИВАЛДАРЫНА КАТЫШТЫ

Көрүлдү: 1191

Артыкчылыктуу адистиктердин жана кесиптердин фестивалдарында 10 миңден ашуун мектеп окуучулары 30 колледж жана 80 кесиптик лицейдин окутуу программалары жөнүндө кабардар болушту.

post.title

Бишкек, Кара-Балта, Жалал-Абад, Ош, Кызыл-Кыя, Каракол, Нарын жана Талас шаарларында 26-апрелден 19-майга чейин 2023-2024-окуу жылына карата колледж жана кесиптик лицейлерде кабыл алуу кампаниясын колдогон фестивалдар өткөрүлдү.

Иш-чараларда 9-11-класстын бүтүрүүчүлөрү электр чынжырчаларды түзүп, кондитердик азыктарды жасап, автоунаалардын түзүлүшүн көрүп, өздөрүн электр ширетүүчү, ашпозчу, кийим тигүүчү, IT адиси ролдорунда сынап көрүштү. Ошондой эле бүтүрүүчүлөр окуу жайлардын өкүлдөрүнө окутуунун багыттары, кабыл алуу шарттары, окуу программалары, окуу жайдын социалдык-тиричилик шарттары жөнүндө суроолорду бере алды. Иш берүүчүлөр адистикти тандоо боюнча кеңештерин берип, бүгүнкү күндө эң көп талап кылынган көндүмдөр тууралуу айтып беришти. Мындан тышкары фестивалдын катышуучулары үчүн конкурстар, викториналар, студенттердин мода көргөзмөлөрү, окуу жайлардын чыгармачыл жамааттары жана эстрада жылдыздарынын катышуусунда концерттик программа уюштурулду.

Фестивалдарга Билим берүү жана илим министрлигинин, шаар мэрияларынын, колледждердин, кесиптик лицейлердин өкүлдөрү жана иш берүүчүлөр катышты.

Коомчулук арасында артыкчылыктуу адистиктерди жана кесиптерди жайылтуу, иш берүүчүлөрдү кесиптик билим берүү системасын өнүктүрүүгө тартууну максаттаган фестивалдар экинчи жыл өткөрүлүүдө.

Фестивалдар Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен ишке ашырылып жаткан “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр” долбоорунун алкагында өткөрүлдү.

Долбоор кесиптик техникалык билим берүүнүн, ошондой эле окутуунун натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган. Программа кесиптик техникалык билим берүүнү жана окутууну башкарууну жана каржылоону күчөтүү, окутуунун сапатын жана окутуу шарттарын жакшыртуу, өндүрүш менен кызматташууну кеңейтүү жана ишкердик көндүмдөрүн өнүктүрүү боюнча компоненттерди камтыйт.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар