Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
МИНИСТР КАНЫБЕК ИМАНАЛИЕВ КОШУМЧА ЧАРБА КИРЕШЕСИ БАР МЕКТЕПКЕ БАРДЫ

Көрүлдү: 823

Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев Ош облусунун Кара-Суу районундагы №29 Гайрат атындагы орто мектебине барып, ишмердүүлүгү менен таанышты.

post.title

Аталган мектеп кошумча чарбаларды уюштуруу менен киреше таап келет. Алсак, инкубатор аркылуу тооктун жөжөсүн чыгарып, күнөсканада лимон өстүрүп, алма-багынан как кургатып, талаага сарымсак айдап, беде сээп, чөбүн сатып кошумча каражат табат.

Министр Каныбек Иманалиев мектептин бул тажрыйбасын башка мектептерге да жайылтуу иштерин уюштуруу демилгесин айтып, окуучулардын биология сабагынан алган теориялык билимдерин практикада бекемдөөсү эң сонун тажрыйба деп белгиледи.

“Бир мектептин мындай ийгиликтерге жетишүүдө ата-эне жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары менен биргеликте иш алып баруусу өтө маанилүү. Силер бул практиканын мыкты үлгүсүсүңөр”, - деди министр.

Ошондой эле министр PISA изилдөөсүнө жана ЖРТга даярданууга көмөк көрсөтүү максатында мектепке компьютерлер тапшырды.

Белгилей кетсек, аталган мектептеги инкубация борбору ата-энелердин материалдык көмөгү менен ачылган.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар