Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
“ӨКМӨТТҮК АКСЕЛЕРАТОРЛОР” ПРОГРАММАСЫ: ҮЙ ТИБИНДЕГИ БАЛДАР БАКЧАСЫН АЧУУ МҮМКҮНЧҮЛҮГҮ

Көрүлдү: 553

Бүгүн, 27-апрелде “Өкмөттүк акселераторлор” программасынын “Кыргыз Республикасында мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүдөгү тоскоолдуктарды кыскартуу жана балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну жогорулатуу” долбоорун ишке ашыруучу жумушчу топ Бишкек шаарынын Ленин районундагы тигүүчүлөр менен жолугушту.

post.title

Мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өкүлдөрү турак жайларда (жеке үйлөр жана батирлер) үй тибиндеги балдар бакчасын ачуу мүмкүндүгү тууралуу айтып беришти.

Жолугушуунун катышуучулары үй тибиндеги бала бакчаларды ачуу демилгеси колдоого татыктуу экендигин айтып,  долбоор ишке ашырылса айымдар үчүн мыкты мүмкүнчүлүк болоорун белгилешти.

 Белгилей кетсек, учурда Бишкек шаарынын Ленин жана Биринчи Май райондорунун мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүү жана жаңы конуштарында үй тибиндеги бала бакчаларды ачуу боюнча кыска мөөнөттүү окуудан (үч күндүк) өтүүнү каалаган жеке жактардан билдирмелер чогултулуп жатат.

Билдирмелерди https://forms.gle/Lg83uMtn4Ts2R14FA шилтемеси аркылуу толтурса болот.

Үй тибиндеги бала бакчаларды ачуу демилгеси Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан «Өкмөттүк акселераторлор» – «Мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүдөгү тоскоолдуктарды азайтуу жана балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну жогорулатуу программасынын алкагында ишке ашырылууда.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар