Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
МИНИСТР КАНЫБЕК ИМАНАЛИЕВ ОШМПУда ИШ САПАРЫ МЕНЕН БОЛДУ

Көрүлдү: 2509

Бүгүн, 27-апрелде билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде иш сапары менен болуп, профессордук-окутуучулар жамааты жана студенттер менен жолугушту.

post.title

Жолугушууда министр алдыдагы иш пландар жана билим берүү тармагындагы маселелерге токтолуп, жогорку билим берүү жаатында, өзгөчө педагог адистерди даярдоодо ОшМПУнун мамлекеттик педагогикалык университетинин орду жогору экенин белгиледи.

Каныбек Иманалиев ОшМПУнун студенттерине лекция окуп, кыргыздын улуттук баалуулуктары, нарк-насили, каада-салты, этнопедагогикасы, тарыхы жана “Манас” эпосу тууралуу маалыматтар менен бөлүштү.

Ошондой эле министр ОшМПУнун материалдык базасы жана жаңы курулуп жаткан 5 кабаттуу окуу корпусу менен таанышып чыкты.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар