Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
28-АПРЕЛДЕ БИШКЕКТЕ БОШ ИШ ОРУНДАР ЖАНА КЕСИПТЕР ЖАРМАНКЕСИ ӨТӨТ

Көрүлдү: 481

28-апрелде бош иш орундар жана кесиптер Жарманкесинде 10 университет, 20 кесиптик лицейлер жана окуу борборлор адистерди даярдоо мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат беришет.

post.title

Мектеп окуучулары кесипке багыт берүү тестинин жыйынтыгы боюнча өздөрүнүн шыктары, тандап алган кесиби жана лицейлерде, колледждерде жана ЖОЖдордо окуу жөнүндө кенен маалымат ала алышат.

Жарманке ошондой эле иш берүүчүлөр менен кесиптик билим берүү мекемелеринин жолугушуусу үчүн аянтча болот.

Жарманкеде 6000ден ашуун бош иш орундар боюнча маалымат берилет. Тагыраагы, маалымат технологиялары, курулуш, тейлөө, жеңил өнөр жай, өндүрүш, транспорт, медицина ж.б.

Жарандар ишке орношуу, жумуш берүүчү менен маектешүүгө даярдануу, кесиптик билим алуу боюнча кеңештерди алышат.

Иш берүүчүлөр потенциалдуу талапкерлер менен жеринде экспресс интервьюларды өткөрүшөт.

Белгилүү ишкерлер изденүүчүлөрдүн квалификациясын жогорулатуу боюнча мастер-класстарды өткөрөт.

Убактысы: саат 10:00дөн 14:00гө чейин.

Жери: Бишкек шаары, Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейи. Ж.Абдрахманов көчөсү, 196.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар