Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
ОШТО БАШТАЛГЫЧ КЛАССТАРДЫН МУГАЛИМДЕРИН ДАЯРДОО БОЮНЧА КОНФЕРЕНЦИЯ ӨТКӨРҮЛДҮ

Көрүлдү: 593

25-апрелде Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын жана Ош шаарынын педагогдору А.Мырсабеков атындагы Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде өткөн “Билим берүү тармагындагы жаңылануулар шартында болочок башталгыч класс мугалимдерин кесипке даярдоо” темасындагы илимий-практикалык конференцияга катышышты.

post.title

Конференциянын катышуучулары билим берүү системасынын артыкчылыктуу багыттары, мазмунду модернизациялоо, заманбап мугалимдин компетенттүү модели, окуу сабаттуулугун жана окуучулардын чыгармачылыгын өнүктүрүү боюнча маалымат алышты. Мастер-класстарда окутууда дифференцияланган жана интеграцияланган ыкмалар, окуу, жазуу жана математиканы окутуунун стратегиялары көрсөтүлдү.

Конференция USAIDдин “Окуу керемет!” долбоорунун алкагында өткөрүлдү. Долбоор 1 миң 682 мектептеги 450 миң башталгыч класстын окуучуларынын окуу жана математика боюнча окутуунун натыйжаларын жакшыртууга багытталган.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар