Билим берүүдөгү долбоордук демилгелер лабораториясы
Билим берүүдөгү долбоордук демилгелер лабораториясы

Көрүлдү: 2367

Национальный корпус кыргызского языка: обсуждение в ЛПИО

2021-жылдын 1-июлунда ББДДЛнын он биринчи жыйыны онлайн режиминде өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө профессор Аида Касымованын жана “Манас” КТУнун студенттери менен магистранттарынын кыргыз тилинин Улуттук корпусу жөнүндө презентациясын бет ачары болду.

 

Жолугушуунун жүрүшүндө профессор Аида Касымованын жана “Манас” КТУнун студенттери менен магистранттарынын кыргыз тилинин улуттук корпусу жана дүйнөнүн башка тилдеринин корпустары, ошондой эле жаратуу менен байланышкан көйгөйлөр жөнүндө презентациясы болду. А.Касымова корпусту түзүү боюнча иштин техникалык аспектилери үчүн көбүрөөк ыктыярчыларды тартуу керектигин билдирди.

 

Корпустун билим берүү, илимий-изилдөө жана практикалык максаттар үчүн өтө маанилүү экендигин талкуунун журушундо баса белгиленди.

 

ББДДЛ бир катар сунуштарды берген, анын ичинде:

- бул маселе боюнча түшүндүрүү иш-аракеттеринин планын түзүү зарылдыгы;

- мугалимдерге маалымат берүү үчүн Кыргыз Республикасынын Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо боюнча республикалык институтунда теманы сунуштоо зарылдыгы, ошондой эле бул проблеманы жайылтуу боюнча мындан аркы кеңири иштерди улантуу зарылчылыгы;

- Илим департаментине жана башка бир катар уюмдарга жана мекемелерге (улуттук же эл аралык болобу) мумкунчулукторун табуу, изилдөө гранттары программасына катышууга чакырды;

- өлкөдөгү ЖОЖдордун окутуучулары, студенттери, магистранттары жана докторанттары арасында теманы жайылтуу үчүн өлкөдөгү академиялык алмашуу мүмкүнчүлүктөрүн (меморандумдарды түзүү ж.б.) пайдалануу;

- бул демилгени жайылтуу жана жүзөгө ашыруу үчүн ыктыярчыларды, бейөкмөт уюмдарды, жарандык активисттерди тартуу.

ББДДЛ жогоруда айтылган сунуштарды жүзөгө ашырууга жардам берерин билгизди.

 

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар