Билим берүүдөгү долбоордук демилгелер лабораториясы
Билим берүүдөгү долбоордук демилгелер лабораториясы

Көрүлдү: 1824

Билим берүүдөгү долбоордук демилгелер лабораториясы

ББДДЛ деген эмне? Ал эмне кылат?

Билим берүүдөгү долбоордук демилгелер лабораториясы (ББДДЛ) министрдин орун басары Өмүров Нурлан Кубатовичтин жетекчилиги астында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдында 2020-жылдын 3-ноябрында түзүлгөн.

ББДДЛ - бул Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим тармагын модернизациялоо жаатындагы долбоордук билдирмелерди көрсөтүү, талкуулоо жана даярдоо үчүн аянтча. Лаборатория эксперттик, академиялык жана ишкер чөйрөлөрдүн тажрыйбалуу жана жигердүү өкүлдөрүнүн башын бириктирүү, коомдук демилгелерди талкуулоо жана ишке ашыруу үчүн ачык аянтча катары кызмат кылат. ББДДЛ эксперттик тобунун курамына көз карандысыз консультанттар, ЖОЖдордун жана мектептердин жетекчи кызматкерлери, жеке сектордун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү кирет.

ББДДЛ төмөнкү тапшырмаларды аткарат:

- Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин ишмердүүлүгүнө байланыштуу коомдук демилгелерди аныктайт, талкуулайт жана илгерилетет;

- Ушул коомдук демилгелерди ишке ашырууда эксперттик коомчулукту колдойт.

 

ББДДЛ кимден турат?

Айнекенова Чынара Ранатовна, Capacity Building Consulting Group, консультант

Уманкулова Оңолкан, EdNet агенттигинин аткаруучу директору

Качкинбаева Лилия, Эл аралык Эмгек Уюму, Долбоордун Улуттук Координатору

Чыныбаев Мирлан Койчубекович, И.Раззаков атындагы КМТУ, ректор

Дүйшебаева Гүлзада Ражаповна, АӨБ Программасы, PF Promotank, Көз карандысыз консультант, Жогорку билим реформалоо боюнча эксперт

Аскарбековна Назгүл Шекекова, "STRATTON BUSINESS CONSULT" консалтинг компаниясынын башкаруучу өнөктөшү жана директору

Матохина Татьяна, Көз карандысыз эксперт

Солошенко Ольга Владимировна, No 65 мектептин директору

Абдыбекова Назима, "Келечек" мектебинин мугалими, БААУнун Билим берүү Институтунун Билим берүү Магистри

Бөкөнбаева Жаңыл Кулубековна, ББДДЛ менеджери, АӨБ Программасы, эксперт

 

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар