Эл аралык кызматташтык бөлүмү
Эл аралык кызматташтык бөлүмү
ВЕНГРИЯНЫН ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРЫНДА ОКУУГА АРЫЗДАР 15-ЯНВАРГА ЧЕЙИН КАБЫЛ АЛЫНАТ

Көрүлдү: 4523

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги 2024-2025-окуу жылына Венгриянын жогорку окуу жайларында окууга конкурстук тандоо башталганын жарыялайт.

post.title

Венгрия өкмөтүнүн Stipendium Hungaricum Scholarship Program стипендиялык программасынын алкагында  Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн Венгриянын жогорку окуу жайларында венгр же англис тилинде билим алууга гранттарды берет (бакалавриат, бир деңгээлдүү магистрдик программа (бакалавриат+магистратура), магистратура жана докторантура).

Өтүнмө берүү жол-жобосу тууралуу кенен маалымат: https://edu.gov.kg/announcements/329/

Программа жөнүндө маалымат https://stipendiumhungaricum.hu  сайтында.

Талапкерлер катышуу үчүн 2024-жылдын 15-январы Борбордук Европа убактысы боюнча саат 14:00 гө чейин “Stipendium Hungaricum Scholarship Program” программасынын онлайн системасына (https://apply.stipendiumhungaricum.hu) билдирме жөнөтүп, тиешелүү бөлүктөрдү толтуруп, сүрөтү менен кошо керектүү документтердин баарын тиркеген соң кыргыз тараптын https://student.edu.gov.kg)  онлайн системасына да 2024-жылдын 15-январы саат 18:00гө чейин документтерин тиркеп, техникалык текшерүүдөн өтүүсү керек.

Стипендиялык программага катышуу боюнча маалыматты иш күндөрү күн сайын саат 15:00дөн 17:00гө чейин (+996 312) 625082, 621519, 620497 номерлери аркылуу алсаңыздар болот. Ошондой эле программага катышуу боюнча суроолорду 2023-жылдын 8-декабрынан 2024-жылдын 14-январына чейин stipendium.hungaricumkg@gmail.com электрондук дарегине жөнөтсөңүздөр болот.  

Көңүл буруңуз!

Конкурстук сыноолорго каттоо жана катышуу акысыз негизде жүргүзүлөт. Документтерди башка агенттиктер аркылуу бербеңиз жана алардын документтерди тапшырып берүү боюнча кызматтарына акы төлөбөңүз.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар