2024-2025-ОКУУ ЖЫЛЫНДА ВЕНГРИЯНЫН ЖОЖдорунда ОКУУ ҮЧҮН КОНКУРС

7 Декабрь 2023 ж.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги "Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен Венгриянын тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министрлигинин ортосундагы 2022-2024 - жылдарга Stipendium Hungaricum программасынын алкагында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө" Меморандумуна ылайык 2024-2025-окуу жылына Венгриянын жогорку окуу жайларында (мындан ары-ЖОЖ) окууга конкурстук тандоо башталганын жарыялайт.

Жогорудагы меморандумга ылайык, жыл сайын Венгрия өкмөтүнүн Stipendium Hungaricum Scholarship Program стипендиялык программасы Кыргызстандын жарандары үчүн Венгриянын жогорку окуу жайларында венгр же англис тилинде билим алууга гранттарды берет (бакалавриат, бир деңгээлдүү магистрдик программа (бакалавриат+магистратура), магистратура жана докторантура).

Эскертүү: Аталган гранттар венгр өкмөттүк Stipendium Hungaricum Scholarship Program стипендиялык программасынын чегинде бөлүнөт. Стипендиялык программанын башкаруусун Темпус коомдук фонду аткарат.

Көңүл буруңуз!

Конкурстук сыноолорго каттоо жана катышуу акысыз негизде жүргүзүлөт. Документтерди башка агенттиктер аркылуу бербеңиз жана алардын документтерди тапшырып берүү боюнча кызматтарына акы төлөбөңүз. Анткени программа Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен Темпус коомдук фондунун түздөн-түз кызматташуусу аркылуу ишке ашырылат.

Тандоо комиссиясы жарандардын документтерин төмөнкү критерийлер боюнча кабыл алат:

Кыргыз Республикасынын жарандары;

2006-жылдын 31-августуна чейин төрөлгөн талапкерлер, башкача айтканда, 2024-жылдын 31-августуна чейин 18 жашка толгондор;

2024-жылдын 15-январы Борбордук Европа убактысы боюнча саат 14:00 гө чейин “Stipendium Hungaricum Scholarship Program” программасынын онлайн системасына                     (https://apply.stipendiumhungaricum.hu) билдирме жөнөтүп, тиешелүү бөлүктөрдү толтуруп, сүрөтү кошо керектүү документтердин баарын тиркеген жана кыргыз тараптын https://student.edu.gov.kg/ онлайн системасына да 2024-жылдын 15-январы саат 18:00гө чейин документтерин тиркеп, техникалык текшерүүдөн өткөн талапкерлер.

Кыргызстандын онлайн системасына жүктөй турган документтердин тизмеси:

  • Англис жана орус тилдериндеги актуалдуу резюме;
  • Билими жөнүндө документ – СӨЗСҮЗ түрдө чыгарылган орто балл менен (аттестат/дипломдун көчүрмөсү. Эгер талапкер учурда окуп жатса – орто балл чыгарылган табель/транскрипт);
  • 2022-жылдын 1-сентябрынан эрте эмес берилген англис тилин билүү деңгээлин тастыктаган документ (TOEFL (IBT, PBT) же IELTS (IBT, PBT), BSC тестинин жыйынтыктары, Борбордук Азия Америка Университетинин сынамык тестинин жыйынтыктары кабыл алынат, ал эми Duolingo жыйынтыктары кабыл алынбайт). Башка сертификат жана аныктамалар, ошондой эле 2022-жылдын 1-сентябрына чейин берилген документтер¸ кабыл алынбайт;
  • Сунуштама кат - кол коюлган жана кол койгон адам тууралуу маалыматтарды камтууга тийиш (аты-жөнү, кызмат орду);
  • Талапкердин сертификат, диплом, грамота, макала, илимий публикацияларынын жана башка жетишкендиктеринин көчүрмөсү (эгер бар болсо);
  • 2023-жылдын 1-июлунан эрте эмес берилген 086 медициналык аныктамасы (же болбосо чет өлкөгө билим алуу үчүн чыгууга бериле турган аныктама);
  • 2023-жылдын 1-ноябрынан эрте эмес берилген ВИЧ/СПИДдин жоктугу тууралуу маалымкат;
  • 2023-жылдын 1-ноябрынан эрте эмес берилген үй-бүлө курамы жөнүндө маалымкат;
  • 2023-жылдын 1-ноябрынан эрте эмес берилген соттолбогондугу тууралуу маалымкат;
  • Улуттук паспортунун көчүрмөсү (ID-card) (18 жашка толо элек жана паспорт ала электер – Туулгандыгы тууралуу күбөлүк);
  • Чет өлкөгө чыгуучу паспорттун көчүрмөсү (жалпы жарандык паспорт) (эгер бар болсо).

Эскертүү: Документтерди тиркеп жатканда бардык барактар тиркелгенин жана ал барактарда өкүл тарабынан коюлган кол, ошондой эле күнү, айы, жылы камтылуусуна көңүл буруңуздар!

«Stipendium Hungaricum Scholarship Programme» онлайн-системасына жүктөй турган документтердин тизмеси төмөндөгү сайтта жеткиликтүү: https://stipendiumhungaricum.hu.

2024-2025-окуу жылына Кыргызстандын жарандары үчүн төмөндөгү багыттар боюнча 200 гранттык орун бар:

Бакалавр жана бир деңгээлдүү магистрдик программалары – 130 орун төмөнкү багыттар боюнча: айыл чарба, гуманитардык, социалдык илимдер, компьютердик илимдер жана маалыматтык технологиялар, инженердик илимдер, экономикалык илимдер, медициналык илимдер, педагогикалык илимдер, спорттук илимдер, табигый илимдер, искусство жана көркөм өнөрдүк билим;

Магистратура программалары – 50 орун төмөнкү багыттар боюнча: айыл чарба, гуманитардык илимдер, социалдык, компьютердик илимдер жана маалыматтык технологиялар, юридикалык, экономикалык, инженердик илимдер, медицина жана саламаттыкты сактоо, педагогикалык, спорттук, табигый илимдер жана искусство;

Толук докторлук даражасын алуу үчүн (PhD/DLA) каалаган тармакта - 20 орун.

Программанын стипендиаттарына төмөнкү шарттар каралган:

  • Акысыз окуу;
  • Бакалавриат, магистратура жана бир деңгээлдүү магистрдик программалар үчүн ай сайын 43 700 форинт, докторантура программасынын студенттерине биринчи билим алуу этабы үчүн (4 семестр) – 140 000 форинт жана экинчи билим алуу этабы үчүн (4 семестр) – 180 000 форинт;
  • ЖОЖдордун жатаканасы же турак жайды ижарага алууга көмөк (40 000 форинтке чейин).
  • Венгриянын мыйзамдарына ылайык медициналык камсыздандыруу.

Көңүл буруңуздар: Стипендиялык программанын катышуучулары виза алууга байланыштуу чыгымдарды, ошондой эле транспорттук жана башка чыгымдарды өздөрү төлөшү керек.

Биринчи окуу жылында (биринчи эки семестрде) бакалавриат жана магистратура программаларында окуган студенттер өз университеттеринде “Венгр тили чет тил катары” предмети боюнча сабактарга катышууга милдеттүү жана экинчи семестрдин аягында ушул сабак боюнча жыйынтыктоочу экзамен тапшырышы зарыл.

Көңүл буруңуздар! Докторантура программаларына катышуу эрежелери жана документтерге коюлган талаптар бакалавриат жана магистратура программаларынын эрежелеринен жана талаптарынан бир аз айырмаланып турат.

Бакалавриат, магистратура жана бир деңгээлдүү магистрдик программаларга катышуу шарттары төмөндөгү шилтемеде жеткиликтүү: stipendiumhungaricum.hu/uploads/2020/03/BA_MA_OTM_Call_for_Applications_2024_2025_with_students_at_risk.pdf 

Докторантура программаларына катышуу шарттары төмөндөгү шилтемеде жеткиликтүү: stipendiumhungaricum.hu/uploads/2020/03/PhD_Call_for_Applications_2024_2025_with_students_at_risk.pdf

1. Талапкерлерди каттоо жана документтерди тапшыруу

Талапкерлерди каттоо жана документтерди тапшыруу Венгрия тараптан Темпус коомдук фондунун Stipendium Hungaricum программасынын онлайн-системасы https://apply.stipendiumhungaricum.hu аркылуу, ал эми кыргыз тараптан  https://student.edu.gov.kg онлайн-системасы аркылуу жүргүзүлөт.

Талапкерлер төмөнкү кадамдарды аткарышы керек:

https://apply.stipendiumhungaricum.hu онлайн-системасына катталып, тиешелүү форманы толтуруп, керектелген документтерди 2024-жылдын 15-январына Европа убактысы боюнча саат 14:00гө чейин жүктөшү керек;

https://student.edu.gov.kg/  системасына катталып, керектелген бардык документтерди 2024-жылдын 15-январына, Бишкек убактысы боюнча саат 18:00гө чейин жүктөшү керек.

Көңүл буруңуздар! Толук эмес документтерди камтыган өтүнмөлөр, ошондой эле 2006-жылдын 31-августунан кийин төрөлгөн талапкерлердин өтүнмөлөрү автоматтык түрдө четтетилет!

Stipendium Hungaricum программасы боюнча толук маалымат, анын ичинде документтерге болгон талаптар, өтүнмөлөрдү тапшыруу мөөнөттөрү, ошондой эле эң көп берилген суроолорго жооптор https://stipendiumhungaricum.hu/ сайтында жайгаштырылган. 

2. Техникалык текшерүүнү өткөрүү жана сунушталган талапкерлердин тизмесин Венгрия тарапка жөнөтүү

1. Өтүнмөлөрдү кабыл алуу аяктагандан кийин, бардык берилген өтүнмөлөрдүн талаптарга шайкештиги (жаш курагы жана бардык зарыл документтердин болушу) текшерилет.

Венгр жана кыргыз онлайн-системаларында ийгиликтүү жана өз убагында каттоодон өтүп, программанын талаптарына ылайык бардык талап кылынган документтерди жүктөгөн талапкерлердин документтери алдын ала тандоого тандоо комиссиясына киргизилет.

Стипендиялык программанын эрежелерине ылайык, алдын ала тандоону кыргыз тарап жүргүзөт.

Берилген документтерге ылайык – орточо баа (GPA);

Берилген документтерге ылайык (TOEFL(IBT, PBT), IELTS(IBT, PBT) же Борбордук Азия Америка Университетинин сынамык тестинин жыйынтыгы) – англис тилин билүү деңгээлин баалоо;

Алдын ала тандоонун жыйынтыгынын негизинде сунушталган 300 талапкердин жалпы тизмеси түзүлөт дагы 2024-жылдын 28-февралында венгриялык тарапка кароого жиберилет. Мында бардык 300 талапкер бирдей даражада стипендия алууга талапкер болушат. Венгрия тарабы 200 квотанын алкагында тандоо жүргүзөт, бирок бул 200 квотанын баарына кабыл алынат дегенди түшүндүрбөйт. Квоталар "Темпус" фондусунун 2024-жылга болгон бюджетинен көз каранды болот. 

Негизги жана кошумча тизмеге кирген бардык катышуучулар стипендия алууга бирдей деңгээлде талапкер болушат.

4. Венгрия тарабынан сунушталган өтүнмөлөрдү кароо жана стипендия берүү жөнүндө акыркы чечим

Талапкерлер каттоо учурунда тандаган жогорку окуу жайлардын жана программалардын артыкчылыгына (first choice, second choice) ылайык, кыргыз тарап сунуш кылган талапкерлердин документтери Венгриянын жогорку окуу жайларына жөнөтүлөт.

Андан аркы тандоо ар бир университеттин кирүү талаптарына, эрежелерине жана мүмкүнчүлүктөрүнө ылайык жүргүзүлөт. Тандоонун жыйынтыгына ылайык, ЖОЖдор Темпус коомдук фондуна (Венгрия) жана талапкерлердин өздөрүнө аларды окууга кабыл алууга даяр экендиги жөнүндө маалымдашат, бирок талапкерлердин университеттен мындай тастыктаманы алышы стипендия берүү боюнча акыркы чечим эмес.

Сунушталган талапкерлерге стипендия берүү же бербөө боюнча акыркы чечимди Венгриядагы жогорку окуу жайларынын тастыктамаларынын негизинде Темпус коомдук фондунун Камкорчулар Кеңеши (Венгрия) кабыл алат.

Стипендиялык программага катышуу боюнча маалыматты иш күндөрү күн сайын саат 15:00дөн 17:00гө чейин (+996 312) 625082, 621519, 620497 номерлери аркылуу алсаңыздар болот. Ошондой эле программага катышуу боюнча суроолорду 2023-жылдын 8-декабрынан 2024-жылдын 14-январына чейин stipendium.hungaricumkg@gmail.com электрондук дарегине жөнөтсөңүздөр болот.  

Пайдалуу шилтемелер:

ИНСТРУКЦИЯ

Программа жөнүндө маалымат: https://stipendiumhungaricum.hu/

Бакалавриат жана магистратура, бир деңгээлдүү магистрдик программаларга катышуу шарттары: stipendiumhungaricum.hu/uploads/2020/03/BA_MA_OTM_Call_for_Applications_2024_2025_with_students_at_risk.pdf 

Докторантура программаларына катышуу шарттары: stipendiumhungaricum.hu/uploads/2020/03/PhD_Call_for_Applications_2024_2025_with_students_at_risk.pdf

Кыргызстандын онлайн каттоо системасы: https://student.edu.gov.kg/  

Венгриянын онлайн каттоо платформасы: https://apply.stipendiumhungaricum.hu

Эскертүү: Документтердин бардык талаптарга ылайык тиркелгенине өзгөчө көңүл буруңуздар!

Ийгилик каалайбыз!

 

 

 

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар