“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына жана "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик тил жана тил саясатынын маселелери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна ылайык республиканын жалпы билим берүү уюмдарында милдеттүү түрдө кыргыз тили предмети боюнча жазуу жана оозеки жүзүндөгү (класстан класска) көчүрүү экзамендери киргизилет.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
17 Январь 2025 ж. 14:03 5749
2025-жылдын 16-январында Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Академиясынын имаратында Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы, генерал-полковник Камчыбек Ташиев Билим берүү жана илим министрлигинин жетекчилигинин, ЖОЖдордун ректорлорунун, кесиптик лицейлердин жана колледждердин директорлорунун катышуусунда профилактикалык кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
17 Январь 2025 ж. 9:54 1388
Бүгүн, 9-январда, Билим берүү жана илим министрлигинде министрдин орун басары Лира Самыкбаеванын IM JAPAN компаниясынын жетекчилери менен жолугушуусу болду. Иш-чарада кадрларды даярдоо жаатында кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү, ошондой эле биргелешкен билим берүү программаларын ишке ашыруу маселеси талкууланды.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
16 Январь 2025 ж. 16:44 1415
Үстүбүздөгү жылдын 13-январында, Кыргыз Республикасынын делегациясы Пакистан Ислам Республикасынын алдыңкы медициналык университеттеринде жана мекемелеринде болушту.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
16 Январь 2025 ж. 11:15 1264
Бүгүн, 15-январда, Бишкек шаарындагы № 35 орто мектепте Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте ишке ашырылып жаткан Google пилоттук долбоорунун алкагында 100 хромбук тапшырылды.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
15 Январь 2025 ж. 18:29 1217
Бүгүн, 15-январда, Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Джусупбекова коомдук кабылдама аркылуу жазылган жарандарды кабыл алды.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
15 Январь 2025 ж. 17:59 641
2025-жылдын 11-12-январында Исламабад шаарында өткөн мусулман жамааттарында кыздардын билим алуусуна арналган эл аралык конференциянын алкагында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана Пакистан Ислам Республикасынын Жогорку билим берүү комиссиясы жогорку билим берүү жаатында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюшту.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
15 Январь 2025 ж. 16:27 910
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги 2025-2026-окуу жылына карата Кытай Эл Республикасынын жогорку кесиптик билим берүү уюмдарына өтүүнү каалаган Кыргыз Республикасынын жарандарын конкурстук тандоонун мөөнөтү 2-февралга чейин узартылганын маалымдайт.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
14 Январь 2025 ж. 18:44 1123
Бүгүн, 14-январда, министрдин орун басары Лира Самыкбаева Тынчтык корпусунун Кыргызстандагы директору Хойт Брайан Йии менен жолугушту.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
14 Январь 2025 ж. 17:51 1058
Билим берүү жана илим министринин орун басары Лира Самыкбаева бүгүн, 14-январда, И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин алдындагы Технопаркка барып, мугалимдер үчүн бериле турган ноутбуктарды чогултуу процессине күбө болду.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
14 Январь 2025 ж. 15:24 1549
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги «Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-июнундагы № 312 «Кыргыз Республикасынын башталгыч жана орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарынын жетекчилерин кызмат ордуна дайындоо, кызмат ордунан бошотуу жана аттестациялоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна ылайык, башталгыч жана орто кесиптик билим берүү программаларын ишке ашыруучу мамлекеттик билим берүүчү уюмдарынын директорунун бош кызмат ордуна конкурстук тандоо өткөрүү жөнүндө тиркемеге ылайык (тизме тиркелет) ачык сынак жарыялайт.
Автор: Адам ресурстарын башкаруу бөлүмү (АРББ)
14 Январь 2025 ж. 12:16 1640
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги мектеп окуучулары арасында математика, физика, химия, биология, информатика предметтери боюнча улуттук олимпиада өткөрүлөрүн жар салат.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
13 Январь 2025 ж. 15:24 12694
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги мамлекеттик жана муниципалдык мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарына сынак жарыялайт.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
13 Январь 2025 ж. 11:14 1785
Исламабадда (Пакистан) мусулман жамааттарында кыздардын билим алуусуна арналган эл аралык конференциянын алкагында Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Түркиянын билим берүү министри Юсуф Текин менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
13 Январь 2025 ж. 9:48 1108
Пакистандын борборунда өтүп жаткан мусулман жамааттарында кыздардын билим алуусуна арналган эл аралык конференцияда Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева сөз сүйлөдү.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
13 Январь 2025 ж. 9:45 681