Бүгүн, 15-январда, Бишкек шаарындагы № 35 орто мектепте Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте ишке ашырылып жаткан Google пилоттук долбоорунун алкагында 100 хромбук тапшырылды.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
15 Январь 2025 ж. 18:29 1204
Бүгүн, 15-январда, Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Джусупбекова коомдук кабылдама аркылуу жазылган жарандарды кабыл алды.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
15 Январь 2025 ж. 17:59 628
2025-жылдын 11-12-январында Исламабад шаарында өткөн мусулман жамааттарында кыздардын билим алуусуна арналган эл аралык конференциянын алкагында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана Пакистан Ислам Республикасынын Жогорку билим берүү комиссиясы жогорку билим берүү жаатында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюшту.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
15 Январь 2025 ж. 16:27 891
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги 2025-2026-окуу жылына карата Кытай Эл Республикасынын жогорку кесиптик билим берүү уюмдарына өтүүнү каалаган Кыргыз Республикасынын жарандарын конкурстук тандоонун мөөнөтү 2-февралга чейин узартылганын маалымдайт.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
14 Январь 2025 ж. 18:44 1101
Бүгүн, 14-январда, министрдин орун басары Лира Самыкбаева Тынчтык корпусунун Кыргызстандагы директору Хойт Брайан Йии менен жолугушту.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
14 Январь 2025 ж. 17:51 1040
Билим берүү жана илим министринин орун басары Лира Самыкбаева бүгүн, 14-январда, И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин алдындагы Технопаркка барып, мугалимдер үчүн бериле турган ноутбуктарды чогултуу процессине күбө болду.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
14 Январь 2025 ж. 15:24 1516
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги «Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-июнундагы № 312 «Кыргыз Республикасынын башталгыч жана орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарынын жетекчилерин кызмат ордуна дайындоо, кызмат ордунан бошотуу жана аттестациялоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна ылайык, башталгыч жана орто кесиптик билим берүү программаларын ишке ашыруучу мамлекеттик билим берүүчү уюмдарынын директорунун бош кызмат ордуна конкурстук тандоо өткөрүү жөнүндө тиркемеге ылайык (тизме тиркелет) ачык сынак жарыялайт.
Автор: Адам ресурстарын башкаруу бөлүмү (АРББ)
14 Январь 2025 ж. 12:16 1614
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги мектеп окуучулары арасында математика, физика, химия, биология, информатика предметтери боюнча улуттук олимпиада өткөрүлөрүн жар салат.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
13 Январь 2025 ж. 15:24 12269
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги мамлекеттик жана муниципалдык мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарына сынак жарыялайт.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
13 Январь 2025 ж. 11:14 1757
Исламабадда (Пакистан) мусулман жамааттарында кыздардын билим алуусуна арналган эл аралык конференциянын алкагында Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Түркиянын билим берүү министри Юсуф Текин менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
13 Январь 2025 ж. 9:48 1088
Пакистандын борборунда өтүп жаткан мусулман жамааттарында кыздардын билим алуусуна арналган эл аралык конференцияда Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева сөз сүйлөдү.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
13 Январь 2025 ж. 9:45 666
Исламабадда (Пакистан) мусулман жамааттарында кыздардын билим алуусуна арналган эл аралык конференция өтүп жатат. Иш-чарага мусулман өлкөлөрүнүн министрлери, эксперттер жана эл аралык уюмдар катышууда.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
11 Январь 2025 ж. 15:13 1092
Тренингдердин 4-этабы ушул жылдын 8-январында башталган. Курстар Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институту тарабынан Азия өнүктүрүү банкынын “Секторду өнүктүрүү долбоору: Мектептик билим берүүнү реформалоо” долбоорунун колдоосу менен ишке ашырылууда.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
11 Январь 2025 ж. 15:03 1080
Табигый илимий предметтер (STEM) – математика, физика, биология, химия жана география боюнча кошумча окуу материалдарын камтыган «Санарип кампа» санариптик билим берүү платформасы 5-11-класстарга арналган.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
10 Январь 2025 ж. 17:53 8682
Мектеп окуучуларынын кышкы каникулун узартуу жөнүндө чечим өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга жараша Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин так анализинин жана корутундусунун негизинде кабыл алынат. Азырынча мектеп окуучуларынын кышкы каникулун узартууга негиз жок.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
10 Январь 2025 ж. 17:45 1766