2025-жылдын 11-июлунда Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Ысык-Көл районунун Кош-Көл айылындагы № 85 кесиптик лицейди күтүүсүз текшерди.
Автор: Маалыматтык саясат сектору
11 Июль 2025 ж. 17:53 794
Сибирь мамлекеттик медициналык университети 2025-жылдын 20-июлуна чейин абитуриенттерди онлайн кабыл алат. Бюджеттик орундарга кирүү сынактары ушул жылдын 25-июлуна чейин өткөрүлөт, 4-августка саат 12:00гө (Москва убактысы боюнча) чейин окууга кабыл алууга макулдук берүү жүргүзүлөт.
Автор: Маалыматтык саясат сектору
11 Июль 2025 ж. 10:42 886
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин кызматкерлеринен жана өлкөдөгү билим берүү уюмдарынын өкүлдөрүнөн турган делегация ушул тапта Сингапурда өтүп жаткан окутуу семинарына катышууда.
Автор: Маалыматтык саясат сектору
10 Июль 2025 ж. 17:31 824
2025-жылдын 10-июлунда Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги менен Корея Республикасынын Чунгчонбук-до провинциясынын Билим берүү башкармалыгы менен санариптик билим берүү багытындагы кызматташтык боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол койду.
Автор: Маалыматтык саясат сектору
10 Июль 2025 ж. 16:16 888
Үстүбүздөгү жылдын 9-июлунда Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Ислам өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү менен жолугушту. Иш-чарага банктын Алматы шаарындагы аймактык кеңсесинин жетекчиси Али Мухаммад Хан ж.б. катышты.
Автор: Маалыматтык саясат сектору
10 Июль 2025 ж. 13:22 808
Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан “Салттык баалуулуктар жана заманбап чакырыктар: өткөн эрдиктерден азыркы санариптик учурга” деген аталыштагы XIII Эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышып, өсүп келе жаткан муундун экологиялык аң-сезимин калыптандыруунун маанисин белгиледи.
Автор: Маалыматтык саясат сектору
10 Июль 2025 ж. 13:09 702
2025-жылы балдардын билим алуусу жана жашоосу үчүн шарттарды жакшыртуу максатында өлкө аймагындагы бир катар жатак мектептерде жана атайын билим берүү уюмдарында капиталдык оңдоо иштерин жүргүзүү пландалууда. Буга республикалык бюджеттен 105,5 млн сом бөлүндү. Бөлүнгөн каражаттардын эсебинен имараттардын чатырлары алмаштырылып, жылытуу системалары, суу түтүктөрү жана электр чубалгылары оңдолот, санитардык түйүндөр жана ички бөлмөлөр жаңыланат.
Автор: Маалыматтык саясат сектору
9 Июль 2025 ж. 18:42 639
Өлкөнүн Агартуу министрлигинин аймактык бөлүмдөрүнө жана алардын алдындагы борборлоштурулган бухгалтерияларга республикалык бюджеттен 57 млн сом бөлүндү. Бул каражаттар эмерек жана компьютердик техника сатып алууга жумшалат. Бардык сатып алуулар Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик сатып алуулар департаменти аркылуу жүргүзүлөт.
Автор: Маалыматтык саясат сектору
9 Июль 2025 ж. 18:39 888
2025-жылдын 7-июлунда «Кыргыз Республикасындагы мектеп тамактануусун оптималдаштыруу» долбоорунун алкагында Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги менен Бириккен Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын (БУУ ДАТП) ортосундагы 2025-жылдын экинчи жарым жылдыгына карата биргелешкен иш планы талкууланды.
Автор: Маалыматтык саясат сектору
8 Июль 2025 ж. 18:04 432
Ушул жылдын 7-июлунда Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинде Япониянын Kitahara Medical Strategies International Co. Ltd. компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу болду. Делегацияны министрдин орун басары Альберт Махметкулов кабыл алды.
Автор: Маалыматтык саясат сектору
8 Июль 2025 ж. 17:42 791
2025-жылдын 29-июнунан 8-июлуна чейин Россия Федерациясынын Ханты-Мансийск шаарында III Эл аралык илимий физика олимпиадасы (ISPhO-2025) өттү. Ага 23 мамлекеттен 105 окуучу катышты. Жыйынтыгында беш окуучудан турган Кыргызстандын курамасы үч коло медаль жана эки Ардак грамота жеңип алды.
Автор: Маалыматтык саясат сектору
8 Июль 2025 ж. 15:16 864
2025-жылы педагогикалык багыттар жана адистиктер боюнча мамлекеттик билим берүү гранттарын каржылоонун ваучердик механизминин пилоттук апробациясы жүргүзүлүүдө.
Автор: Маалыматтык саясат сектору
7 Июль 2025 ж. 18:56 1181
2025-жылдын 7-июлунда Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева ынак өлкөлөрдөн – Россия, Казакстан, Өзбекстан, Беларусь, Түркия, Тажикстандан келген делегациялардын башын кошкон «Ысык-Көл досторду чогултат!» эл аралык этно-карнавалынын катышуучуларын кабыл алды.
Автор: Маалыматтык саясат сектору
7 Июль 2025 ж. 16:01 833
Бүгүн, 4-июлда, Кыргыз Республикасынын агартуу министринин орун басары Надира Джусупбекова райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары менен онлайн-кеңешме өткөрүп, билим берүү системасын бюрократиядан арылтуу максатында жасалып жаткан иштерге токтолду.
Автор: Маалыматтык саясат сектору
4 Июль 2025 ж. 15:47 1459
2025-жылдын 4-июлунда Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева «Окуу китеби» басма үйүнүн, Кыргыз билим берүү академиясынын кызматкерлеринин жана министрдин орун басарларынын катышуусунда жаңы муундагы окуу китептерин даярдоо маселелери боюнча жумушчу жыйын өткөрдү.
Автор: Маалыматтык саясат сектору
4 Июль 2025 ж. 14:41 1105