Билим берүү жана илим министрлиги Жалпы республикалык тестирлөө (ЖОЖдорго кышкы кабыл алуу үчүн) 2022-жылдын 26-27-ноябрында өтө тургандыгын маалымдайт.
Автор: Маалыматтык саясат сектору
14 Ноябрь 2022 ж. 13:28 874
Кытай Эл Республикасынын билим берүү фондун башкаруу боюнча мамлекеттик комитети Кыргыз Республикасынын жарандарына 2023-2024-окуу жылына бакалавр, магистратура, докторантура жана тил такшалмасы боюнча 23 мамлекеттик стипендия бөлдү.
Автор: Маалыматтык саясат сектору
11 Ноябрь 2022 ж. 17:17 983
Бүгүн, 11-ноябрда Токтобүбү Абасовна билим берүү жана илим министринин орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү чечимге Министрлер Кабинетинин Төрагасы кол койду.
Автор: Маалыматтык саясат сектору
11 Ноябрь 2022 ж. 16:36 1374
Бүгүн, 11-ноябрда Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Авазбек уулу жана министрликтин Илим бөлүмүнүн башчысы Жылдызбек Жакшылыков И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде өткөн “Билим берүүдөгү илимий инновациялык тенденциялар” аталышындагы илимий-практикалык конференцияга жана көргөзмөгө катышты.
Автор: Маалыматтык саясат сектору
11 Ноябрь 2022 ж. 16:10 1101
022-жылдын 10-ноябрында “Эне тилдин негизинде көп тилдүү билим берүүнү киргизүү: өз ара аракеттенүүнүн жана кызматташуунун актуалдуу маселелери» деген темада Координациялык кеңешме болуп өттү.
Автор: Маалыматтык саясат сектору
10 Ноябрь 2022 ж. 17:50 747
“Билим” лицейинин бүтүрүүчүлөрүнүн ысымдарын эл аралык деңгээлде угуп, алар менен сыймыктаналы. Биз бүгүн сиздер билим ала турган корпустун эшигин кандай ачып жатсак, сиздер алган билим өлкөбүздүн гүлдөп-өнүгүшүнүн эшигин ачсын!” - деп билдирди Билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов бүгүн, 10-ноябрда ОшМУнун “Билим” лицейинин окуу корпусунун ачылыш аземинде.
Автор: Маалыматтык саясат сектору
10 Ноябрь 2022 ж. 16:44 1115
2022-жылдын 7-ноябрынан 9-ноябрына чейин “Балажан” республикалык эстетикалык тарбия берүү окуу-усулдук борбору жана К.Д.Ушинский атындагы Ярослав мамлекеттик педагогикалык университети “Кошумча билим берүү уюмунун жетекчисинин башкаруучулук компетенциялары” эл аралык квалификациясын жогорулатуу программасын өткөрдү.
Автор: Маалыматтык саясат сектору
10 Ноябрь 2022 ж. 15:41 691
Бүгүн, 10-ноябрда Билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев, Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов жана Каржы министринин биринчи орун басары Руслан Сүйналиев менен биргеликте Алай районундагы №4 Кадырмамат уулу Абдыразак атындагы мектеп-интернатына барды.
Автор: Маалыматтык саясат сектору
10 Ноябрь 2022 ж. 14:51 757
Бүгүн, 10-ноябрда Алай районунун Жошолу айыл аймагынын Гердегей айылында жаңы бала бакча ачылды.
Автор: Маалыматтык саясат сектору
10 Ноябрь 2022 ж. 12:05 2028
Кыргызстандык математик окумуштуу, академик Алтай Бөрүбаевдин “Мейкиндиктеги абсолют операциясы менен толуктоо операциясынын ордун алмаштыруу касиети” аттуу математикалык ачылышы дүйнөдө жаңы ачылыш катары таанылды.
Автор: Маалыматтык саясат сектору
10 Ноябрь 2022 ж. 11:27 1311
“Урматтуу окумуштуулар жана илимий кызматкерлер! Сиздерди кесиптик майрамыӊыздар — Илим күнү менен куттуктайм!
Автор: Маалыматтык саясат сектору
10 Ноябрь 2022 ж. 11:15 552
2022-жылдын 1-ноябрынан 4-ноябрга чейин Билим берүү жана илим министрлиги менен “Алтын түйүн” Улуттук балдар инженердик-техникалык академиясы Кыргызстандын окуучулары арасында биринчи жолу республикалык хакатон өткөрдү.
Автор: Маалыматтык саясат сектору
9 Ноябрь 2022 ж. 12:11 1040
КР Билим берүү жана илим министрлиги “ Министрлик Тынчтык корпусунун мектеп окуучуларына англис тилин бекер окутуу үчүн ыктыярчылардын санын көбөйтүү сунушун четке какты”,-деген маалымат чындыкка дал келбей турганын маалымдайт.
Автор: Маалыматтык саясат сектору
3 Ноябрь 2022 ж. 18:17 2179
Бүгүн, 2022-жылдын 3-ноябрында, республиканын сегиз пилоттук колледжинде алдыңкы тажрыйба борборлорунун салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү.
Автор: Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдик өнүгүү үчүн көндүмдөр
3 Ноябрь 2022 ж. 18:16 985
3-ноябрь 2022-жылы Билим берүү жана илим министрлиги, И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети жана БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү мекемелеринин ашпозчуларын жана ашкана кызматкерлерин даярдоо боюнча Республикалык компетенция борборун ишке киргизди.
Автор: Маалыматтык саясат сектору
3 Ноябрь 2022 ж. 17:09 1019