167 ОКУУЧУ АРТЫКЧЫЛЫК АТТЕСТАТЫН АЛУУ УКУГУН ТАСТЫКТАДЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

10 Май 2023 ж. 19:05

Көрүлдү: 2112

Билим берүү жана илим министрлигинин “Алтын тaмгa” жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациясынын жыйынтыгынын негизинде “Артыкчылык менен” аттестатына ээ болгон бүтүрүүчүлөрдүн тизмесин бекитүү жөнүндө буйругу чыкты.

post.title

Ага ылайык, 2022-2023-окуу жылынын соңунда 167 бүтүрүүчү жалпы орто билими тууралуу аттестатын “Артыкчылык менен” алат.

  • Баткен облусунан – 14 окуучу
  • Бишкек шаарынан – 76 окуучу
  • Жалал-Абад облусунан – 10 окуучу
  • Нарын облусунан – 6 окуучу
  • Ош шаарынан – 8 окуучу
  • Ош облусунан – 20 окуучу
  • Талас облусунан – 5 окуучу
  • Чүй облусунан – 21 окуучу
  • Ысык-Көл облусунан – 7 окуучу

Эске сала кетсек, “Алтын тамга” тестирлөөсү республика боюнча 2023-жылдын 25-апрелинде өткөрүлүп, ага 2 миңдей 11-класстын окуучусу катышкан. 

ТИЗМЕ

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар