2021-жылдын 30-сентябрында жана 1-октябрында Бишкек шаарында «Жылдын мыкты мугалими» кароо-сынагынын финалдык туру өткөрүлдү. Жыйынтыгында эн көп упай топтогон Ош шаарынын № 52 «Кыргыз-түрк достугу» мектеп-лицейинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Илгиз Шамырзаев жеңүүчү деп табылды.
Автор: Мектептик, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгы
5 Октябрь 2021 ж. 22:25 1381
30 жылдан ашуун убакыттан бери ардактуу кесипти аркалап келе жаткан тажрыйбалуу мугалимдер «Билим берүүнүн мыктысы» төш белгиси менен сыйланышты.
Автор: Мектептик, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгы
5 Октябрь 2021 ж. 22:10 1210
Бүгүн «Сейтек» балдар жана өспүрүмдөр улуттук борборунда Мугалимдер күнүнө арналган майрамдык иш-чара өткөрүлдү. Ага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашева, Билим берүү жана илим министрлигинин жетекчилиги, ошондой эле өлкөнүн билим берүү уюмдарынын жетекчилери жана кызматкерлери катышышты.
Автор: Борбордук аппарат
5 Октябрь 2021 ж. 22:00 1095
2021-жылдын 27-28-сентябрында Бишкек шаарында өткөрүлгөн Интернетти башкаруу боюнча Борбор Азиялык форумдун алкагында Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Омуров менен Казакстан Республикасынын санариптик өнүгүү, инновациялар жана аэрокосмикалык өнөр жай министри Багдат Мусиндин жолугушуусу болуп өттү.
Автор: Борбордук аппарат
30 Сентябрь 2021 ж. 19:48 1126
Бүгүн Бишкек шаарынын А. Молдокулов атындагы Инновациялык технологиялар улуттук мектеп-лицейинин базасында «Жылдын мыкты мугалими» жана «Жылдын мыкты тарбиячысы» сынагынын жыйынтыктоочу этабы өтүп жатат. Ага буга чейинки үч сынактын: райондук/шаардык жана областтык этаптардын жеңүүчүлөрү катышууда.
Автор: Борбордук аппарат
30 Сентябрь 2021 ж. 16:22 1027
2021-жылдын 30-сентябрында жана 1-октябрында Бишкек шаарында «Жылдын мыкты мугалими» жана «Жылдын мыкты тарбиячысы» сынактарынын республикалык этабы өткөрүлөт.
Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү
29 Сентябрь 2021 ж. 19:04 1133
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги 15 жаштагы окуучуларды PISA – 2025 – Билим жетишкендиктерин баалоо боюнча эл аралык программага катышууга даярдоо үчүн аракеттердин планын талкуулаган тегерек стол өткөрдү. Иш-чара 28-29-сентябрда Бишкек шаарында болуп өттү.
Автор: Мектептик, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгы
29 Сентябрь 2021 ж. 17:29 1912
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги аймактык түзүмүндөгү төмөнкү административдик мамлекеттик кызмат орунуна сынак жарыялайт: Нарын облусунун Ат-Башы райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы (Г-Б) – 1 орун.
Автор: Адам ресурстарын башкаруу бөлүмү
27 Сентябрь 2021 ж. 17:01 992
Билим берүү жана илим министри Болотбек Купешев жана министрликтин статс-катчысы Калысбек Шадыханов иш сапары менен Ысык-Көл облусун кыдырып келишти.
Автор: Борбордук аппарат
27 Сентябрь 2021 ж. 10:12 945
Ушул жылдын 21-сентябрында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинде “School of Practical Science” аталышындагы студенттер арасында интеллектуалдык жана өндүрүштүк ишмердүүлүктү жайылтуу боюнча илим-билим долбоорунун программасынын бет ачары болду.
Автор: Илим жана инновациялар башкармалыгы
24 Сентябрь 2021 ж. 12:11 1196
2-класстардын окуучулары үчүн “Мекен таануу” окуу китеби 2004-жылы, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 27-декабрындагы № 2648-V “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимни жөнүндө” токтому чыкканга чейин, жарыкка көргөн. Китепке окуу китебинин автору З. Мамбетованын демилгеси боюнча өзгөртүүлөр киргизилген гимндин экинчи куплети басылган.
Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү
24 Сентябрь 2021 ж. 10:41 1389
Билим берүү жана илим министри Болотбек Купешев иш сапары менен Нарын облусуна барды. Бүгүн ал Нарын шаарында облустун билим берүү уюмдарынын жетекчилери менен жолугушуу өткөрдү. Анда негизинен облустагы мектептердин абалы, окутуунун сапаты талкууланды.
Автор: Борбордук аппарат
22 Сентябрь 2021 ж. 20:15 1406
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Reporter.kg маалымат агенттигинин Купешев Болотбек Душековичке кылмыш иши козголгондугу тууралуу билдирүүсүн (https://reporter.kg/ru/bilim-beryy-ministri-kupeshovgo-kylmysh-ishi-kozgoldu/) төгүндөйт.
Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү
20 Сентябрь 2021 ж. 23:00 1304
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиешелүү буйругунун долбоору иштелип чыккан.
Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү
20 Сентябрь 2021 ж. 20:50 1235
Бүгүн, 18-сентябрда, Кыргыз Республикасынын билим беруу жана илим министри Болотбек Купешев жана Билим беруу жана илим министрлигинин статс-катчысы Калысбек Шадыханов иш сапары менен Талас облусунда болушту.
Автор: Борбордук аппарат
18 Сентябрь 2021 ж. 21:25 1336
4 Апрель 2024 ж. 10:00
4 апреля 2024 года в информационном агентстве «Кабар» будет проведена пресс-конференция об электронной записи в первый класс государственных и муниципальных школ на 2024-2025 учебный год.
2 Март 2024 ж. 10:00
2-мартта «Кабар» маалымат агентигинде 2024-ж. 22-февралындагы №79 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилерин конкурстук тандоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Токтомунун аткарылышы боюнча маалымат жыйыны берилет.