...
КЫРГЫЗСТАНДА “БИЗ - XXI КЫЛЫМДЫН ИНТЕЛЛЕКТУАЛДАРЫ” ФОРУМУНУН ОБЛАСТТЫК ЭТАБЫ АЯКТАДЫ

Кыргызстандын жаш ойлоп табуучуларынын арасында «Биз - XXI кылымдын интеллектуалдары» эл аралык форумунун областтык этабы 23-марттан 6-апрель аралыгында өлкөбүздүн ар бир аймагында болуп өттү. Ага Кыргыз Республикасынын бардык областтарынан окуучулар жана студенттер болуп, 400дөн ашуун адам катышты. Областтык турдун жеңүүчүлөрү өздөрүнүн аймагынын атынан Бишкек шаарында өтө турган финалдык этапта катыша алышат.

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

8 Апрель 2023 ж. 18:20 718

...
КАНЫБЕК ИМАНАЛИЕВ ИЛИМДЕГИ АЙЫМДАРГА АРДАК ГРАМОТАЛАРДЫ ТАПШЫРДЫ

Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев 8-апрелде 7 педагог айымга илимдин 30 жылдыгына карата Кыргыз илимине салым кошкондугу үчүн Министрликтин атынан “Ардак грамоталарды” тапшырды.

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

8 Апрель 2023 ж. 15:54 654

...
КЫРГЫЗСТАНДЫКТАР ТҮРК МАДАНИЯТЫНЫН ЭЛ АРАЛЫК УЮМУНА МҮЧӨ ӨЛКӨЛӨРДҮН УЛУТТУК КОМИССИЯЛАРЫНЫН 9-ОТУРУМУНА КАТЫШУУДА

Бүгүн Бакуда (Азербайжан) Түрк маданияты эл аралык уюмуна (ТҮРКСОЙ) мүчө өлкөлөрдүн ЮНЕСКО иштери боюнча улуттук комиссияларынын 9-жыйыны өтүүдө.

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

7 Апрель 2023 ж. 18:40 722

...
КАНЫБЕК ИМАНАЛИЕВ: “ЖАҢЫ БАЛА БАКЧАЛАРДЫ АЧУУ ЖЕТИШСИЗ, БИЗ КВАЛИФИКАЦИЯЛУУ КАДРЛАР ЖАНА ЗАМАНБАП ДИДАКТИКАЛЫК МАТЕРИАЛДАР МЕНЕН КАМСЫЗ КЫЛЫШЫБЫЗ КЕРЕК”

6-апрелде Кыргыз Республикасынын билим берүү системасын реформалоонун багыттары боюнча форум өттү.

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

6 Апрель 2023 ж. 17:53 1316

...
МЕКТЕП ДИРЕКТОРЛОРУН ТАНДОО-2023: ОБЛУСТАР БОЮНЧА ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРДҮН ТИЗМЕСИ АНЫКТАЛДЫ

Билим берүү жана илим министрлиги Баткен, Нарын, Талас, Ысык-Көл, Жалал-Абад облустарындагы мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарына конкурстук тандоонун жеңүүчүлөрү белгилүү болгондугун маалымдайт.

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

6 Апрель 2023 ж. 17:35 3032

...
УЛУТТУК ОЛИМПИАДАНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ СЫЙЛАНДЫ

Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев 2022-2023-окуу жылындагы математика, физика, биология, химия жана информатика предметтери боюнча улуттук олимпиаданын расмий жабылышына катышты.

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

6 Апрель 2023 ж. 15:37 1619

...
ВЕДОМСТВОЛОР АРАЛЫК ТОП “ӨКМӨТТҮК АКСЕЛЕРАТОРЛОР” ПРОГРАММАСЫНЫН БАГЫТТАРЫН ТАЛКУУЛАДЫ

5-апрелде “Өкмөттүк акселераторлор” программасынын “Кыргыз Республикасында мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүдөгү тоскоолдуктарды кыскартуу жана балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну жогорулатуу” долбоорун ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык топтун отуруму өткөрүлдү.

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

5 Апрель 2023 ж. 18:55 867

...
МИНИСТР ДҮЙНӨЛҮК БАНКТЫН ӨКҮЛДӨРҮ МЕНЕН МЕКТЕПТЕРДИН ИНФРАСТРУКТУРАСЫН ЖАКШЫРТУУНУ ТАЛКУУЛАДЫ

2023-жылдын 5-апрелинде билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев, Кыргыз Республикасындагы Дүйнөлүк Банктын кеңсесинин шаарларды өнүктүрүү маселелери боюнча жумушчу тобунун жетекчиси Чии-Юн Хуанг, топтун тең жетекчиси Толкун Жукушева, адис Гильермо А.Зирке, өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы долбоорду ишке ашыруу бөлүмүнүн директору, долбоордун компонентинин координатору Эрмек Биялиев жана эксперт Айна Осконбаева “Кыргызстанда табигый кырсыктардын тобокелдигине туруктуулукту жогорулатуу” долбоорунун алкагында кызматташууну талкуулашты.

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

5 Апрель 2023 ж. 18:30 845

...
МИНИСТРДИН ОРУН БАСАРЫ МОБИЛДИК ТОПТУ УЮШТУРУУ БОЮНЧА КЕҢЕШМЕ ӨТКӨРДҮ

Бүгүн, 5-апрелде билим берүү жана илим министринин орун басары Токтобүбү Ашымбаева ички иштер министрлигинин өкүлдөрү менен мобилдүү жумушчу топту уюштуруу боюнча кеңешме өткөрдү.

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

5 Апрель 2023 ж. 18:05 693

...
МИНИСТРДИН ОРУН БАСАРЫ ОШ ШААРЫНДА БАЛДАР БАКЧАЛАРЫН КӨБӨЙТҮҮ ШАРТТАРЫН ТАЛКУУЛАДЫ

2023-жылдын 5-апрелинде билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Джусупбекова Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин алдындагы Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору жана Ош шаарынын мэриясы менен видео байланыш аркылуу кеңешме өткөрдү.

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

5 Апрель 2023 ж. 17:16 2540

...
МИНИСТР ДҮЙНӨЛҮК БАНКТЫН ӨКҮЛДӨРҮ МЕНЕН БИЛИМ БЕРҮҮ ТАРМАГЫН ӨНҮКТҮРҮҮ БОЮНЧА ДОЛБООРЛОРДУ ТАЛКУУЛАДЫ

5-апрелде Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев Дүйнөлүк банктын Кыргыз Республикасындагы өкүлдөрү, - Кеңсе жетекчиси Навид Хасан Накви жана билим берүү адиси Гүлмира Султанова менен жолугушту.

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

5 Апрель 2023 ж. 16:19 2234

...
МИНИСТР АЗЕРБАЙЖАНДЫН ЭЛЧИСИ МЕНЕН ГЕЙДАР АЛИЕВДИН 100 ЖЫЛДЫГЫНА КАРАТА КОНФЕРЕНЦИЯ УЮШТУРУУНУ ТАЛКУУЛАДЫ

Бүгүн, 5-апрелде билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев Азербайжан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Латиф Гандилов менен жолугушту.

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

5 Апрель 2023 ж. 13:32 2177

...
МЕКТЕП ДИРЕКТОРЛОРУН ТАНДОО-2023: БИШКЕК ШААРЫ ЖАНА ОШ ОБЛУСУ БОЮНЧА ЖЕҢҮҮЧҮЛӨР АНЫКТАЛДЫ

Билим берүү жана илим министрлиги Бишкек шаарындагы жана Ош облусундагы мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарына конкурстук тандоонун жеңүүчүлөрү белгилүү болгондугун маалымдайт.

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

5 Апрель 2023 ж. 12:01 2900

...
ЖРТ-2023: КАТТОО 6-АПРЕЛДЕ АЯКТАЙТ

Билим берүү жана илим министрлиги Жалпы республикалык тестке (ЖРТ) каттоо 6-апрелде аяктай тургандыгын маалымдайт.

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

5 Апрель 2023 ж. 10:55 914

...
БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ ОКУУ КИТЕПТЕРИН ТАЛДООНУ УЮШТУРДУ

2023-жылдын 3-4-апрелинде жалпы билим берүү уюмдарына билим берүү процессинде колдонуу үчүн сунушталуучу окуу китептеринин тизмегинин долбоорун даярдоо боюнча комиссия окутуу кыргыз жана орус тилдеринде жүргүзүлгөн жалпы билим берүү уюмдарынын окуу китептерине талдоо жүргүздү.

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

5 Апрель 2023 ж. 9:41 2287

Мааракелер календары

календардын баары

АРТЫКЧЫЛЫКТУУ АДИСТИКТЕР ЖАНА КЕСИПТЕР ФЕСТИВАЛЫ

26 Апрель 2024 ж. 10:00

2024-жылдын 26-апрелинде борбордогу Эмен паркында 9 колледж жана 22 кесиптик лицейдин катышуусунда артыкчылыктуу адистиктердин жана кесиптердин фестивалы өтөт.

Пресс-конференция "Электронная запись в первый класс государственных и муниципальных школ на 2024-2025 учебный год"

4 Апрель 2024 ж. 10:00

4 апреля 2024 года в информационном агентстве «Кабар» будет проведена пресс-конференция об электронной записи в первый класс государственных и муниципальных школ на 2024-2025 учебный год.

ЖАЛПЫ БИЛИМ БЕРҮҮ УЮМУНУН ЖЕТЕКЧИСИ КОНКУРСТУК ТАНДОО

2 Март 2024 ж. 10:00

2-мартта «Кабар» маалымат агентигинде 2024-ж. 22-февралындагы №79 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилерин конкурстук тандоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Токтомунун аткарылышы боюнча маалымат жыйыны берилет.

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар