Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Азербайжан Республикасына болгон мамлекеттик сапарынын алкагында 24-апрелде бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
24 Апрель 2024 ж. 17:56 2272
24-апрелде Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу Улуу Британиянын тышкы иштер министрлигинин мамлекеттик башкаруу тармагындагы кеңешчиси Мирза Джахани жана Улуу Британиянын Аддис-Абебадагы элчилигинин билим берүү боюнча кеңешчиси Севит Гетачу Деста менен кесиптик билим берүү жаатындагы кызматташтыкты талкуулады.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
24 Апрель 2024 ж. 17:33 2336
24-апрелде Билим берүү жана илим министринин биринчи орун басары Бекжан Супаналиев Улуу Британиянын тышкы иштер министрлигинин мамлекеттик башкаруу тармагындагы кеңешчиси Мирза Джахани жана Улуу Британиянын Аддис-Абебадагы элчилигинин билим берүү боюнча кеңешчиси Севит Гетачу Деста менен жолугушту.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
24 Апрель 2024 ж. 17:07 1968
Өлкө башчы Садыр Жапаров тарабынан демилгеленген “Жашыл Мурас” улуттук өнөктүгүнүн алкагында билим берүү уюмдары жыл сайын көчөт отургузуу иштерин жүргүзүп келет.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
24 Апрель 2024 ж. 15:21 2413
Билим берүү жана илим министрлиги башталгыч жана орто кесиптик билим берүү уюмдарынын директорлугунун ордуна тестирлөөдө 8 талапкер (6 — кесиптик лицейлердин директорлугу кызматына, 2 — колледж) босого упайды топтогондугун маалымдайт.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
23 Апрель 2024 ж. 18:02 2042
22-апрелде Билим берүү жана илим министрлигинин «Секторду өнүктүрүү программасы: инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр» долбоорунун алкагында Ысык-Көл индустриалдык-педагогикалык колледжинде бул окуу жайдын аймактагы колледж жана кесиптик лицейлердин өнүгүүсүнө салымы жана кесиптик билим берүүнүн болочогу тууралуу кереге кеңеш өткөрүлдү.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
23 Апрель 2024 ж. 17:02 1925
2024-жылдын 1-майынан тартып билим берүү ишмердүүлүгүнө лицензия алуу үчүн арыздар лицензиялоону жана аккредитациялоону башкаруунун автоматташтырылган системасы (АСУЛА) аркылуу гана кабыл алынат.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
23 Апрель 2024 ж. 16:51 2633
Кыргыз Республикасынын окуучулары Болгариянын информатика боюнча XV Эл аралык (International “Advanced Tournament in Informatics– John Atanasoff”) олимпиадасында 4 күмүш, 3 коло медаль жеңип алышты.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
23 Апрель 2024 ж. 11:48 2166
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу «Окуу китеби» басма үйү» мамлекеттик мекемесинин директорунун ваканттык бош кызмат ордуна ачык сынак жарыялайт.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
23 Апрель 2024 ж. 9:36 1787
22-апрелде Б.Турусбеков атындагы кыргыз мамлекетик дене тарбия жана спорт академиясында “12 жылдык билим берүү: дүйнөлүк тенденциялар жана илимий негиздөөлөр” темасында тегерек стол өткөрүлдү.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
22 Апрель 2024 ж. 18:06 2018
22-апрелде Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин биринчи проректору Азамат Найманбаевди эмгек жамаатка тааныштырды.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
22 Апрель 2024 ж. 17:04 2130
22-апрелде Билим берүү жана илим министрлигинин мектептик, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Айнура Кусеинова жана “Акылман” президенттик лицейинин директору Эмил Рыскулов “Кабар” Кыргыз улуттук маалымат агенттигинде өткөн басма сөз жыйынында 2024-2025-окуу жылына карата балдарды “Акылман” Президенттик лицейине кабыл алуу үчүн конкурстук тандоо жүргүзүүнүн шарттары тууралуу айтып беришти.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
22 Апрель 2024 ж. 16:42 1146
22-апрелде Токмок агро-өнөр жай колледжинин Алдыңкы тажрыйба борбору Билим берүү жана илим министрлигинин «Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр» долбоорунун алкагында «Колледждин социалдык өнөктөштүгү: реалдуулук жана болочогу» темасында тегерек стол уюштурду.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
22 Апрель 2024 ж. 15:50 1430
Билим берүү жана илим министрлигинин санариптик трансформация бөлүмүнүн 22-апрелге карата берген маалыматына ылайык республика боюнча 52 миң 816 бала катталды.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
22 Апрель 2024 ж. 12:14 1405
19-апрелде Билим берүү жана илим министрлигине Ага Хан фонду “Мектептер2030” программасынын алкагында пилоттук 70 мектеп жана 30 бала бакчага 5 500 000 сомдук интерактивдүү панел, ноутбук, принтер, проектор жана окуу материалдарды тапшырды.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
19 Апрель 2024 ж. 15:49 2406