Бүгүн, 27-майда, Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында жайгашкан “Акылман” президенттик лицейинде 2024-2025-окуу жылынын аякташына байланыштуу салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Ага Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары – Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыктын башчысы Азамат Кадыралиев, Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева жана Waldner Holding GmbH холдингинин башкы директору Йохен Фрю катышты.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
27 Май 2025 ж. 18:28 464
Кыргызстан 12 жылдык мектептик билим берүү системасына өтүүдө. Бул кадам Агартуу министрлиги тарабынан иштелип чыккан жана билим берүү системасын трансформациялоого багытталган "Алтын Казык" программасынын алкагында ишке ашырылып жатат.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
27 Май 2025 ж. 12:31 1381
Европа Биримдиги тарабынан каржыланган Кыргызстандын билим берүү системасына узак мөөнөттүү өзгөртүү киргизүү боюнча жаңы демилге бүгүн Бишкекте расмий түрдө ишке кирди. «Инклюзивдик жана STEAM билим берүүнү мектептерде илгерилетүү» Твиннинг долбоору бардык окуучулар үчүн адилеттүү, инклюзивдик жана келечекке даяр мектеп чөйрөсүн өнүктүрүүгө колдоо көрсөтөт.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
27 Май 2025 ж. 11:42 555
Бүгүн Бишкектеги Анадолу Кыргыз-Түрк кесиптик кыздар лицейинде да “Акыркы коңгуроо” иш-чарасы өткөрүлдү. Иш-чарага Билим берүү жана илим министрлигинин башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысы Гүлнура Мамырова, Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин өкүлдөрү катышып, бүтүрүүчүлөрдү майрамы менен куттукташты.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
26 Май 2025 ж. 18:04 631
Бүгүн, 26-майда, Бишкек шаарындагы № 18 кесиптик лицейде “Акыркы коңгуроого” арналган салтанаттуу иш-чара өттү.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
26 Май 2025 ж. 17:18 561
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин «Мектеп» автоматташтырылган маалыматтык системасындагы каттоого мониторинг жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча маалыматынын негизинде Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан тергөөгө чейинки текшерүү башталды. Биргелешкен мониторингдин алкагында кээ бир адамдар мыйзамдуу өкүлдөр (камкорчулар) катарында жасалма документтердин негизинде ар кандай маалыматтар менен балдарды электрондук түрдө катташканы аныкталды, бир эле мыйзамдуу өкүлгө төрт жана андан көп баланы электрондук түрдө каттоо фактылары айкындалды. Атап айтканда, Бишкек шаарындагы №29 мектеп боюнча 86 баланы мыйзамсыз каттоо фактылары айкындалды. Ушундай эле учурлар башка жалпы билим берүү уюмдарында да аныкталды.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
26 Май 2025 ж. 16:42 499
Бүгүн Кыргызстандын бардык мектептеринде “Акыркы коңгуроо” салтанаттуу иш-чарасы өтүп жатат. Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Таш-Дөбө айылындагы Чүй облустук мектеп-гимназиясында да бул салтанатка мектепти 20 жыл мурун аяктаган бүтүрүүчүлөр катышты.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
26 Май 2025 ж. 15:28 906
Бишкек шаарындагы Азиз жана начар көргөн балдар үчүн атайын жалпы билим берүүчү мектеп-интернаттагы “Акыркы коңгуроо” иш-чарасына Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов жана агартуу министринин орун басары Надира Джусупбекова катышты
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
26 Май 2025 ж. 14:00 479
Бүгүн, 26-майда, Кыргызстандын бардык мектептеринде “Акыркы коңгуроо” салтанаттуу иш-чарасы өтүп жатат. Мындай салтанаттардын бири Бишкек шаарындагы А. Осмонов атындагы №68 орто мектепте да болуп өттү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын агартуу министринин орун басары Лира Самыкбаева катышты.
Автор: Документтик камсыз кылуу жана контролдоо бөлүмү (ДКККБ)
26 Май 2025 ж. 12:52 442
Өлкөнүн агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева бүгүн, 26-майда, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Кичи-Жаргылчак айылындагы Т. Мурзабеков атындагы мектепте жана С. Мендебаев атындагы мектепте, ошондой эле аталган райондун Оргочор айылындагы М. Тынаев атындагы мектепте өткөн салтанаттуу иш-чараларга катышып, мугалимдерди, окуучуларды жана алардын ата-энелерин 2024-2025-окуу жылынын аякташы менен жылуу маанайда куттуктап, изги каалоо-тилектерин айтты.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
26 Май 2025 ж. 12:30 447
Министрлик бардык бүтүрүүчүлөргө байсалдуу сапар, кең келечек каалайт.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
26 Май 2025 ж. 7:25 919
Бүгүн, 23-майда, “Жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрү-2025” республикалык кароо-сынагы өткөрүлдү. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан уюштурулду.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
23 Май 2025 ж. 18:53 769
2025-жылдын 23-майында Бишкек шаарындагы №35 жалпы билим берүүчү орто мектепте «Google мектеп» пилоттук долбоорунун жыйынтыктары чыгарылды.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
23 Май 2025 ж. 17:05 1007
2025-жылдын 22-майында Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Улуу Британияга болгон иш сапарынын алкагында Оксфорд шаарындагы Оксфорд университетине барды.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
23 Май 2025 ж. 15:22 628
Бүгүн, 23-майда, Бишкек шаарында өткөн Педагогикалык форумдун алкагында «Жаңы багыттар: 12 жылдык билим берүүгө өтүү жана “Алтын Казык” программасы – билим берүүнүн сапатынын негизги көрсөткүчү» урааны менен жаңыланган Мамлекеттик билим берүү стандарттарынын расмий түрдө ишке кириши белгиленди.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
23 Май 2025 ж. 10:56 1082