2025-жылдын 14-майында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана «Балажан» республикалык эстетикалык тарбия берүү окуу-усулдук борбору тарабынан уюштурулган «Кийиз сыйкыры» аттуу кошумча билим берүү педагогдорунун арасында өткөн кесиптик чеберчилик боюнча республикалык сынагы жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр сыйланды.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
14 Май 2025 ж. 17:44 1414
2025-жылы республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттардын жана донордук каражаттардын эсебинен жалпы билим берүү уюмдарынын 3 – 4-класстары үчүн “Англис тили” окуу-методикалык комплекстери (окуу китеби, жумушчу дептер, мугалимдер үчүн методикалык колдонмо) басылып чыкты.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
14 Май 2025 ж. 17:18 790
2024-2025-окуу жылында азиз жана начар көргөн балдар үчүн атайын жалпы билим берүүчү жатак-мектептердин суроо-талабынын негизинде республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттардын эсебинен 7 – 8-класстар үчүн “Кыргыз тили”, 7-класстар үчүн “Орус тили”, 7 – 10-класстар үчүн “Англис тили”, 7 – 8-класстар үчүн “Физика” окуу китептери Брайль шрифти менен басылып чыкты.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
14 Май 2025 ж. 16:20 579
Бүгүн, 14-майда, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынында өлкөнүн агартуу министринин милдетин аткаруучу Д. Кендирбаева менен илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин милдетин аткаруучу Б. Орозовдун талапкерлиги каралды.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
14 Май 2025 ж. 13:34 1463
Олимпиада Бразилиянын Белу-Оризонти шаарында өтүп, ага дүйнөнүн кырктан ашуун өлкөсүнөн келген жүздөгөн мыкты окуучулар катышкан.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
14 Май 2025 ж. 10:13 504
2025-жылдын 7-13-майында Өзбекстандын Ташкент шаарында математика жана информатика боюнча III Эл аралык Аль-Хорезми атындагы олимпиада өткөрүлдү. Бул олимпиадага 9 өлкөдөн (Азербайжан, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Малайзия, Тажикстан, Түркия, Түркмөнстан, Өзбекстан) 205 окуучу катышып, Кыргызстандын намысын 8 математик, 4 информатик окуучу коргогон.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
13 Май 2025 ж. 17:28 1449
2025-жылдын май айынын соңунда Кыргыз Республикасынын бардык түрдөгү жалпы билим берүү уюмдарынын 5 – 6-класстарынын окуучулары үчүн кыргыз тили боюнча жазуу жана оозеки түрдө класстан класска көчүрүү экзамендери өткөрүлөт.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
13 Май 2025 ж. 17:17 2041
Бишкекте Кыргызстандагы 240 мектепте жүргүзүлгөн изилдөөнүн жыйынтыктары сунушталган презентация болуп өттү. Изилдөө «Билим берүү практикасына байкоо жүргүзүү» (ББПБЖ) инструментинин негизинде жүргүзүлүп, окутуунун сапаты жогорулаганын көрсөттү: бардык багыттар боюнча орточо көрсөткүч 0,91 баллга өскөн, бул 13 пайыздык өсүштү билдирет.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
13 Май 2025 ж. 14:10 532
Пакистан Ислам Республикасынын Элчилиги 2025-жылдын күзгү семестри үчүн чет өлкөлүк студенттерди өлкөнүн алдыңкы техникалык жогорку окуу жайларынын бири — Пакистан Инженерия жана Прикладдык Илимдер Институтуна (PIEAS) кабыл алуу жүрүп жатканын маалымдайт.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
13 Май 2025 ж. 12:53 834
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин базасында эки өз алдынча министрлик: Агартуу министрлиги жана Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги түзүлөт. Тиешелүү Жарлыкка мамлекет башчысы Садыр Жапаров кол койгонун Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы кабарлады.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
12 Май 2025 ж. 18:42 659
Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Кытай Эл Республикасынын Урумчи шаарында 2025-жылдын 12-майында өтүп жаткан «Кытай – Борбордук Азия» мамлекеттеринин билим берүү министрлеринин биринчи жыйынына катышууда.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
12 Май 2025 ж. 16:32 1449
2024–2025-окуу жылында, Кыргыз Республикасында негизги жалпы жана орто жалпы билим берүүнүн окуу программалары боюнча жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестация бардык жалпы билим берүү уюмдарында, менчигинин түрүнө карабастан, тиешелүү Жобого ылайык төмөнкү мөөнөттөрдө жана формаларда өткөрүлөт.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
12 Май 2025 ж. 12:19 2512
2025-жылдын 29-апрелинде И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде "Жаңы муун билим берүү – 2025" (Next Generation Education) долбоорунун расмий ачылыш аземи өттү.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
30 Апрель 2025 ж. 16:44 2239
Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүү уюмдарына тапшырууну каалаган бүтүрүүчүлөр үчүн жалпы республикалык тестирлөө (ЖРТ) 2025-жылдын 18-майынан 24-майына чейин өткөрүлөт.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
30 Апрель 2025 ж. 16:17 5867
Билим берүү жана илим министрлиги балдарды биринчи класска кабыл алуу процессин жеңилдетүү үчүн жасалма интеллектке негизделген «Мектепке кабыл алуу» (@Mektep110bot) телеграм-ботун иштеп чыкты.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
30 Апрель 2025 ж. 15:21 2718