...
МИНИСТР ДОГДУРКҮЛ КЕНДИРБАЕВА КАЗАКСТАНДЫН АГАРТУУ МИНИСТРИ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

18-апрелде Астана шаарында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева менен Казакстан Республикасынын Агартуу министри Гани Бейсембаевдин жолугушуусу өттү.

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

19 Апрель 2024 ж. 10:22 1067

...
БЕКЖАН СУПАНАЛИЕВ ШКУга МҮЧӨ МАМЛЕКЕТТЕРДИН БИЛИМ БЕРҮҮ МИНИСТРЛЕРИНИН КЕҢЕШМЕСИНЕ КАТЫШУУДА

18-апрелде министрдин биринчи орун басары Бекжан Супаналиев Россия Федерациясынын Москва шаарында өтүп жаткан Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин билим берүү министрлеринин VIII кеңешмесине катышууда.

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

18 Апрель 2024 ж. 17:46 1739

...
№91 КЕСИПТИК ЛИЦЕЙДЕ ОКУУЧУЛАР, БАЛДАР ҮЙҮНҮН ЖАНА РЕАБИЛИТАЦИЯЛЫК БОРБОРДУН ТАРБИЯЛАНУУЧУЛАРЫ ҮЧҮН АЧЫК ЭШИКТЕР КҮНҮ ӨТТҮ

18-апрелде Бишкектеги И.Касендеев атындагы №91 кесиптик лицейинде окуучулар үчүн “Ачык эшиктер күнү” иш-чарасы өттү.

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

18 Апрель 2024 ж. 17:29 877

...
МИНКАБ ТӨРАГАСЫ АКЫЛБЕК ЖАПАРОВ МЕКТЕПТЕГИ БИЛИМ БЕРҮҮ СИСТЕМАСЫН ТРАНСФОРМАЦИЯЛОО БОЮНЧА “АЛТЫН КАЗЫК” ПРОГРАММАСЫН СУНУШТАДЫ

Вашингтондо өтүп жаткан Дүйнөлүк банк жана Эл аралык валюта фондунун Жазгы жолугушууларынын алкагында мектептеги билим берүүнү трансформациялоо боюнча “Алтын казык” мамлекеттик жаңы программанын бет ачары болду.

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

18 Апрель 2024 ж. 16:15 1151

...
МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ МЕНЕН GOOGLE КОРПОРАЦИЯСЫ БИЛИМ БЕРҮҮ ТАРМАГЫНДА КЫЗМАТТАШУУ БОЮНЧА МЕМОРАНДУМГА КОЛ КОЮШТУ

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы- Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаровдун Вашингтон шаарына (АКШ) жумушчу сапарынын алкагында Министрлер Кабинети менен Google корпорациясынын ортосунда билим берүүнү трансформациялоо жаатында кызматташуунун мындан аркы кадамдары жөнүндө өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюу аземи болуп өттү.

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

18 Апрель 2024 ж. 16:05 1084

...
МИНИСТР ДОГДУРКҮЛ КЕНДИРБАЕВА АСТАНАДА ИЛИМПОЗДОРДУН ФОРУМУНДА БАЯНДАМА ЖАСАДЫ

18-апрелде Кыргыз Республикасыны Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Казакстан Республикасынын Астана шаарында өткөн “Кыргызстан жана Казакстандын актуалдуу маселелерин чечүүдө илимди өнүктүрүү келечеги” темасындагы илимпоздор форумуна катышты.

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

18 Апрель 2024 ж. 15:50 777

...
“АКЫЛМАН” ПРЕЗИДЕНТТИК ЛИЦЕЙИНЕ КАБЫЛ АЛУУ ҮЧҮН КОНКУРСТУК ТАНДОО ЖҮРӨТ

Билим берүү жана илим министрлиги 2024-2025-окуу жылына карата балдарды “Акылман” президенттик лицейине кабыл алуу үчүн конкурстук тандоо жүргүзүлө тургандыгын маалымдайт.

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

17 Апрель 2024 ж. 17:44 2184

...
КАРА-БАЛТА ТЕХНИКАЛЫК-ЭКОНОМИКАЛЫК КОЛЛЕДЖИНДЕ ЧҮЙ ОБЛУСУНДА КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮНҮН КЕЛЕЧЕГИН ТАЛКУУЛАШТЫ

17-апрелде Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин «Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр» долбоорунун алкагында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, башталгыч жана орто билим берүү мекемелеринин, Алдыңкы тажрыйба борборлорунун кызматкерлери, иш берүүчүлөр, социалдык өнөктөштөр кереге кеңеш учурунда Кара-Балта техникалык-экономикалык колледжинин аймактын экономикасын өнүктүрүүгө кошкон салымы, окуу жайдын иш берүүчүлөр жана социалдык өнөктөштөр менен өз ара байланышын жакшыртуу, валидация жана сертификациялоо маселелерин талкуулашты.

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

17 Апрель 2024 ж. 17:32 1227

...
ДИРЕКТОРЛОРДУ ТАНДОО СЫНАГЫ: ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРДҮН ТИЗМЕСИ БЕКИДИ

Билим берүү жана илим министрлигинин 2024-жылдын 16-апрелиндеги “Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарына өткөрүлгөн конкурстун жыйынтыгы жөнүндө” №575\1 буйругу чыкты.

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

17 Апрель 2024 ж. 16:59 3701

...
12 ЖЫЛДЫК МЕКТЕПТИК БИЛИМ БЕРҮҮНҮ ЭТАП-ЭТАБЫ МЕНЕН КИРГИЗҮҮ ЖӨНҮНДӨ ТОКТОМДУН ДОЛБООРУ КООМДУК ТАЛКУУГА КОЮЛДУ

17-апрелде Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында коомдук талкуулоо үчүн “Кыргыз Республикасында мектептик билим берүүнүн он эки жылдык түзүмүн этап-этабы менен киргизүү боюнча иш-аракеттер планын бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомунун долбоору жарыяланды.

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

17 Апрель 2024 ж. 16:14 755

...
КОЧКОР РАЙОНУНДА КЫСКА МӨӨНӨТТҮҮ ОН БАЛА БАКЧА АЧЫЛДЫ

Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын ачылуусу 16-апрелде болуп өттү.

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

17 Апрель 2024 ж. 14:29 1295

...
КОЛЛЕДЖДЕРДИН КЫЗМАТКЕРЛЕРИ ОКУТУУДА ЖАСАЛМА ИНТЕЛЛЕКТИ КОЛДОНУУНУ ҮЙРӨНҮҮДӨ

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен ишке ашырылган «Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр» долбоорунун алкагында Бишкекте долбоордун жана Алдыңкы тажрыйба борборлорунун кызматкерлери үчүн «Окутуучулар үчүн жасалма интеллект платформасы» аталышында мастер-класс өткөрүлдү.

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

16 Апрель 2024 ж. 17:39 1231

...
МУГАЛИМДЕРДИ ЫКТЫЯРДУУ АТТЕСТАЦИЯЛООСУНА КАТЫШУУГА КАТТОО БАШТАЛДЫ

Билим берүү жана илим министрлиги Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын мугалимдеринин ыктыярдуу аттестациялоосуна катышууга каттоо 2024-жылдын 16-апрелинен 30-апрелине чейин жүргүзүлөрүн маалымдайт.

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

16 Апрель 2024 ж. 17:17 1090

...
МИНИСТР ДОГДУРКҮЛ КЕНДИРБАЕВА №25 МЕКТЕПКЕ ЧЕЙИНКИ БИЛИМ БЕРҮҮ УЮМУНА КӨЧӨТ ОТУРГУЗДУ

Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду Кыргыз инвестициялык-кредит банкы (KICB) жана Ага Хан өнүктүрүү уюму (АКДН) менен биргеликте жыл сайын жазында уюштуруп келген жашылдандыруу өнөктүгүнө катышты.

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

16 Апрель 2024 ж. 15:58 1166

...
КЕСИПТИК ЛИЦЕЙЛЕР УЛУТТУК КАМПАНИЯНЫН АЛКАГЫНДА 19 МИҢДЕН АШУУН КӨЧӨТ ОТУРГУЗДУ

Кесиптик лицейлер "Бир окуучу – бир көчөт” жыл сайын өтүүчү жалпы республикалык акциянын алкагында 59,2 гектар аянтка ийне жана жазы жалбырактуу 19 миң 315 көчөт отургузду.

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

16 Апрель 2024 ж. 15:21 1235

Мааракелер календары

календардын баары

АРТЫКЧЫЛЫКТУУ АДИСТИКТЕР ЖАНА КЕСИПТЕР ФЕСТИВАЛЫ

26 Апрель 2024 ж. 10:00

2024-жылдын 26-апрелинде борбордогу Эмен паркында 9 колледж жана 22 кесиптик лицейдин катышуусунда артыкчылыктуу адистиктердин жана кесиптердин фестивалы өтөт.

Пресс-конференция "Электронная запись в первый класс государственных и муниципальных школ на 2024-2025 учебный год"

4 Апрель 2024 ж. 10:00

4 апреля 2024 года в информационном агентстве «Кабар» будет проведена пресс-конференция об электронной записи в первый класс государственных и муниципальных школ на 2024-2025 учебный год.

ЖАЛПЫ БИЛИМ БЕРҮҮ УЮМУНУН ЖЕТЕКЧИСИ КОНКУРСТУК ТАНДОО

2 Март 2024 ж. 10:00

2-мартта «Кабар» маалымат агентигинде 2024-ж. 22-февралындагы №79 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилерин конкурстук тандоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Токтомунун аткарылышы боюнча маалымат жыйыны берилет.

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар