Бүгүн, 17-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинде Ильшат Гафуров жетектеген Казан (Приволжск) федералдык университетинин делегациясы менен министрликтин жетекчилигинин жолугушуусу болуп өттү.
Автор: Эл аралык кызматташтык жана инвестициялар бөлүмү (ЭАКИБ)
17 Ноябрь 2021 ж. 21:29 1055
“Мектептин отуз жылдап жыйылган көйгөйлөрүн чечүүгө биргелешип күч жумшайлы”, – деди министр Б. Купешев Чүй облусунун Аламүдүн районундагы мектеп директорлору менен болгон жолугушууда.
Автор: Борбордук аппарат
17 Ноябрь 2021 ж. 18:28 1602
Тогуз-Торо райондук билим берүү бөлүмүнүн маалыматы боюнча, 2021-жылдын 16-ноябрынан 17-ноябрына караган түнү саат 12.00 чамасында М. Абдыжапаров атындагы орто мектептин кошумча корпусунун чатырынан өрт чыккан. Өрттүн натыйжасында имарат толук күйүп кеткен.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
17 Ноябрь 2021 ж. 17:01 896
Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Болотбек Купешевдин мугалимдер журту менен кезектеги жолугушуусу Ысык-Ата районунда өттү. Ал райондогу мектеп директорлору менен жылуу учурашып, бүгүнкү күндөгү эң көйгөйлүү маселени – сапаттуу билим менен сапаттуу тарбия берүү маселесин биргелешип талкуулоо үчүн жолугушууга атайын келгенин айтты.
Автор: Борбордук аппарат
16 Ноябрь 2021 ж. 11:36 1092
КР Билим берүү жана илим министри Б. Купешев Чүй облусунун мектеп директорлору менен жолугушууну улантууда. Ал Кемин районундагы мектеп директорлору менен жолугушуусунда билим берүү тармагында болуп жаткан ийгиликтерди, кемчиликтерди талкуулап, биргелешип чечүү, алдыдагы максат-талаптарды аныктоо үчүн жакындан таанышуу максаты бар экенин билдирди.
Автор: Борбордук аппарат
16 Ноябрь 2021 ж. 10:36 975
14-ноябрда санариптик компетенциялар боюнча Кыргыз Республикасынын биринчи чемпионаты – «Digital Skills Kyrgyzstan 2021» жыйынтыкталды. Анын жабылыш аземи И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин башкы корпусунда өттү.
Автор: Борбордук аппарат
15 Ноябрь 2021 ж. 20:18 1744
Кыргызстандын окуучулары ушул жылдын 8-ноябрынан 13-ноябрына чейин Өзбекстандын Фергана шаарында онлайн жана офлайн форматтарда болуп өткөн Ахмад аль-Фергани атындагы I физика боюнча эл аралык олимпиадада (IAFPhO 2021) 3 коло медалды багындырышты.
Автор: Мектептик билим берүү башкармалыгы (МБББ)
13 Ноябрь 2021 ж. 16:01 1141
11-ноябрда Мухаммед Ибрагимов атындагы Кара-Балта техникалык-экономикалык колледжинде жаңы сүт азыктарын өндүрүү боюнча окуу-өндүрүштүк борбордун жерпайына капсула салуу аземи болду.
Автор: Жогорку, орто кесиптик жана жогорку окуу жайдан кийинки билим берүү башкармалыгы
13 Ноябрь 2021 ж. 14:27 1007
Бүгүн, 12-ноябрда, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Омуров Эстониянын Билим берүү министрлигинин алдындагы Инновация жана кызматташтык боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы Маргус Поя жана Эстониянын Билим берүү министрлигинин технология башкармалыгынын директору Индрек Рейманд менен жолугушуу өткөрдү. Бул иш-чара билим берүүнү башкаруунун маалыматтык системасын колдонуунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча тажрыйба алмашуу максатында уюштурулду.
Автор: Санариптик трансформация бөлүмү (СТБ)
12 Ноябрь 2021 ж. 17:27 1235
10-ноябрдан тартып «Мектептерде усулдук колдоону уюштуруу» программасынын алкагында 116 улуттук тренер республика боюнча 3642 адамды окута баштады. Программа райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн методисттерин, мектеп директорлорун жана алардын орун басарларын, максаттуу мектептердин мугалимдерин окууга жана жазууга үйрөтүү методикасын жакшыртууга багытталган.
Автор: Мектептик билим берүү башкармалыгы (МБББ)
12 Ноябрь 2021 ж. 11:53 1306
2021-жылдын мыкты мектеп ашпозчусу бүгүн Бишкек шаарында өткөн конкурстун финалында аныкталды. Сегиз айга жакын күч сынашкандан кийин алдыга озуп чыккан эң мыкты мектеп ашпозчулары бүгүн Бишкектеги «Orange» кулинардык студиясында өнөрлөрүн көрсөтүштү.
Автор: Мектептик билим берүү башкармалыгы (МБББ)
11 Ноябрь 2021 ж. 18:13 1483
Бүгүн Бишкектеги «Сейтек» балдар жана өспүрүмдөр улуттук борборунда Илим күнүнө карата салтанаттуу иш-чара болуп өттү.
Автор: Борбордук аппарат
10 Ноябрь 2021 ж. 22:38 2211
Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешине мүчө өлкөлөрдүн билим берүү министрлеринин 6-жолугушуусунун жана Түрк академиясынын Илимий кеңешинин 4-отурумунун алкагында Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Болотбек Купешев Азербайжан Республикасынын билим берүү министри Эмин Амруллаев менен жолугушту.
Автор: Эл аралык кызматташтык жана инвестициялар бөлүмү (ЭАКИБ)
9 Ноябрь 2021 ж. 22:31 1012
Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Болотбек Купешев жетектеген кыргыз делегациясы ушул жылдын 4-ноябрында Стамбул шаарында болуп өткөн Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин билим берүү министрлеринин VI жолугушуусуна катышты.
Автор: Эл аралык кызматташтык жана инвестициялар бөлүмү (ЭАКИБ)
9 Ноябрь 2021 ж. 22:10 1061
Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Болотбек Купешев башында турган кыргыз делегациясы Түрк академиясынын Илимий кеңешинин IV отурумуна катышты. Иш-чара ушул жылдын 4-ноябрында Стамбул шаарында болуп өттү.
Автор: Эл аралык кызматташтык жана инвестициялар бөлүмү (ЭАКИБ)
9 Ноябрь 2021 ж. 21:04 1034