Билим берүү жана илим министрлиги башталгыч жана орто кесиптик билим берүү программаларын ишке ашыруучу мамлекеттик билим берүү уюмдарынын директорунун бош кызмат ордуна конкурстук тандоо өткөрүүгө ачык сынак жарыялайт.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
10 Июнь 2024 ж. 12:04 823
Бүгүн, 10-июнда Кения Республикасынын билим берүү министринин орун басары Саломе Майна 11-13-июнь күндөрү Бишкекте өтө турган “Мектептер2030” III Глобалдык форумуна катышуу үчүн Кыргызстанга келди.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
10 Июнь 2024 ж. 11:10 610
2024-жылдын 11-13-июнь күндөрү Бишкектеги “Мектептер2030” III Глобалдык форумунда дүйнөнүн ар тарабынан келген 250 делегат мугалимдердин климаттын өзгөрүшүнө каршы туруктуулукту камсыздоодогу лидерлигин талкуулайт.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
7 Июнь 2024 ж. 18:05 922
2024-жылдын 26-31-майында Ташкентте өткөн өспүрүмдөр арасындагы математика боюнча II Эл аралык Аль-Хорезми олимпиадасында №70 мектеп-гимназиясынын окуучусу Султан Мусаходжаев алтын медаль, №62 мектеп-гимназиясынын окуучусу Арлан Керимов жана “Газпром Кыргызстан” мектебинин окуучусу Тимур Акенеев коло медаль жеңип алышты.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
7 Июнь 2024 ж. 18:01 1321
Мугалимдердин климаттын өзгөрүшүнө каршы туруктуулукту камсыздоодогу лидерлиги: Дүйнөнүн ар тарабынан келген делегаттар "Мектептер2030" программасы тарабынан жылда өткөрүлүүчү үчүнчү Глобалдык форумда чогулат.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
7 Июнь 2024 ж. 17:06 1351
“Кечээ Билим берүү жана илим министрлиги Marshall Cavendish Education басма үйү менен 1-11-класстар үчүн математика жана табигый илимдер, 6-класстар үчүн англис тили боюнча окуу материалдарын которуу жана адаптациялоо укугун алуу жөнүндө келишимге кол койду. Эгерде мурда окуу китептери англис тилинен орус тилине, андан соң кыргыз тилине которулуп келсе, эми англис тилинен түз кыргыз тилине которулат”, - деп билдирди республикалык форумда Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
7 Июнь 2024 ж. 16:21 1333
Ош мамлекеттик университети жана Кыргыз-Түрк “Манас” университети дүйнөдөгү алдыңкы QS Quacquarelli Symonds уюмунун QS Stars Эл аралык университеттер рейтингинде 4 жылдыз ыйгарылып, “төрт жылдыздуу" университеттердин катарына киргизилди.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
7 Июнь 2024 ж. 16:18 1254
“Газпром Кыргызстан” мектебинин 8-классынын окуучусу Ян Бобрус Информатика боюнча XVIII Азия-Тынч океан олимпиадасынан (Asia-Pacific Informatics Olympiad – APIO) күмүш медаль жеңип алды.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
7 Июнь 2024 ж. 15:58 739
6-июнда Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева өлкөдө медициналык багытта билим берген жогорку окуу жайлардын жетекчилери менен онлайн\оффлайн форматында жыйын өткөрдү.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
6 Июнь 2024 ж. 18:01 1126
7-июнда “Кыргыз тилин окутуп-үйрөтүүдөгү жаңы мамилелер жана анын келечеги” республикалык форуму өтөт.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
6 Июнь 2024 ж. 17:46 646
И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети, Кыргыз-Россия Славян университети жана Кыргыз-Түрк “Манас” университети QS World University Rankings 2025 тизмесине кирди.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
6 Июнь 2024 ж. 17:31 1418
6-июнда Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева менен Marshall Cavendish Education директору Сью Пэн Йим билим берүүнү трансформациялоого көмөктөшүү үчүн өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол коюшту.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
6 Июнь 2024 ж. 15:48 1222
2023-2024-окуу жылынын бүтүрүүчүлөрүнө билими жөнүндө аттестаттар жана күбөлүктөр кагаз жана электрондук версияларда даярдалууда
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
5 Июнь 2024 ж. 17:24 1598
“Бүгүнкү күндө кесиптик лицейлер өлкө рыногу, жарандар муктаж болгон заманбап жумушчу кесиптерге даярдайт. Республикадагы 100 кесиптик лицейде 32 миң 700 окуучу билим алат”, - деп билдирди билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу “Кабар” маалымат агенттигинде өткөн басма сөз жыйынында.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
4 Июнь 2024 ж. 13:57 1965
“Башталгыч кесиптик билим берүү системасы: анын өлкөдөгү кадрларды даярдоодогу жана профилдик билим берүүдөгү орду”
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
3 Июнь 2024 ж. 18:06 1396