Билим берүү жана илим министрлиги 2024-2025-окуу жылына Жалпы республикалык тестирлөөнүн (ЖРТ) жыйынтыгы боюнча жогорку окуу жайларга абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуу 15-июлда башталып, 5 тур менен өтө тургандыгын билдирет.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
8 Июль 2024 ж. 16:44 21626
2024-жылдагы жалпы республикалык тестирлөөгө жалпысынан 51 946 абитуриент катышкан. 2024-жылы тестирлөөнүн катышуучуларынын орточо упайлары 128,4 баллды түздү.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
8 Июль 2024 ж. 14:06 3629
5-июлда министр Догдуркүл Кендирбаева Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин жана HELVETAS Swiss Intercooperation Ассоциациясынын Кыргыз Республикасындагы филиалы ортосундагы “Чебер” долбоорун ишке киргизүү үчүн кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюу аземине катышты.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
5 Июль 2024 ж. 18:31 1052
5-июлда министрдин орун басары Расул Абазбек уулу жогорку окуу жайлардын ректорлору менен жыйын өткөрдү.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
5 Июль 2024 ж. 18:28 1566
Билим берүү жана илим министрлиги 2024-2025-окуу жылына Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча жогорку окуу жайларга абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуу 15-июлда баштала тургандыгын билдирет.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
5 Июль 2024 ж. 18:20 5596
Ирандын геометрия боюнча X олимпиадасында (IGO) “Газпром Кыргызстан” мектебинин 8-классынын окуучусу Ян Бобрус күмүш, “Интеллект” мектебинин 8-классынын окуучусу Мерида Даниярова, №70 мектеп-гимназиясынын 8-классынын окуучусу Султан Мусаходжаев, №61-АФММЛ ОКнун 10-классынын окуучулары Назар Киргизбаев жана Нурдөөлөт Капаров жана «Газпром Кыргызстан» мектебинин 10-классынын окуучусу Нурсултан Эшперов – коло медалга ээ болушту.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
5 Июль 2024 ж. 17:32 1518
Медицина кызматкерлеринин күнүнө карата 2024-жылдын 2-июлундагы №20/4 буйругунун негизинде Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин «Илимдин мыктысы» төш белгиси менен билим берүү, илим жана медицина тармагына, келечектин медициналык кадрларын даярдоого кошкон салымы, окутуу жана тарбиялоодогу жетишкендиктери жана ийгиликтери үчүн КРнын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жана И.Ахунбаев атындагы КММАнын онкология бөлүмүнүн доцентинин милдетин аткаруучу, м.и.к. Евгения Лим сыйланышты.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
5 Июль 2024 ж. 16:41 1442
Пресс- анонс
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
5 Июль 2024 ж. 16:23 821
Билим берүү жана илим министрлиги 2023-2024-окуу жылынын жалпы билим берүү уюмдарынын бүтүрүүчүлөрүнүн билим берүү документтеринде техникалык каталар кетирилгендигин, кайрадан басылып чыгып, аттестат/күбөлүктөрдү убагында ээлерине берилгендигин билдирет.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
5 Июль 2024 ж. 15:17 1560
Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-августундагы № 179 “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдарында педагогикалык ишмердүүлүк менен алектенүү укугун жокко чыгарган кылмыштардын жана медициналык каршы көрсөтмөлөрдүн тизмеси милдеттүү түрдө бекитилүүгө тийиш.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
5 Июль 2024 ж. 14:26 1572
Билим берүү жана илим министрлигинин 2024-2025-окуу жылында жогорку окуу жайларына абитуриенттерди кабыл алуудагы босого балл боюнча буйругу бекиди.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
5 Июль 2024 ж. 12:46 15903
Бүгүн, 4-июлда Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева иш графигине ылайык “Коомдук кабылдама” аркылуу жазылган жарандарды кабыл алды.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
4 Июль 2024 ж. 17:56 2087
Эми мектепти же кесиптик лицейди 2018-жылы жана андан кийин аяктаган бүтүрүүчүлөр мамлекеттик электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн Tunduk («Түндүк») мобилдик тиркемеси аркылуу мамлекеттик үлгүдөгү билим берүү жөнүндө документтерди ала алышат.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
4 Июль 2024 ж. 15:05 1757
2024-жылдын, 25-30-июнь күндөрү Түркиянын Анталья шаарында өспүрүмдөр арасында XXVIII Балкан математикалык олимпиадасы өткөрүлдү.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
4 Июль 2024 ж. 11:46 1550
2-3-июль күндөрү, Ош шаарында 80ден ашык кыска мөөнөттүү бала бакчалардын тарбиячылары "Балдардын эрте өнүгүүсүн баалоо инструментин" колдонуу боюнча окуудан өтүштү. Бул инструмент балдарды жана алардын иш-аракеттерин байкоо аркылуу окутуу методдорун өркүндөтүүгө багытталган, бул ар бир баланын өнүгүүсүнө жекече мамиле жасоого мүмкүндүк берет.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
4 Июль 2024 ж. 10:46 1395