АГАРТУУ МИНИСТРЛИГИНИН БОРБОРДУК АППАРАТЫНЫН КАДРЛАР РЕЗЕРВИНЕ АЧЫК КОНКУРС ЖАРЫЯЛАНАТ
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
21 Сентябрь 2026 ж. 18:09
Көрүлдү: 180
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги борбордук аппараттын административдик мамлекеттик кызмат орундарынын башкы жана улук топтору боюнча кадрлар резервин түзүү үчүн ачык конкурс жарыялайт.
Конкурска гуманитардык илимдер, экономика жана башкаруу, педагогика, социалдык илимдер, физика-математикалык илимдер, фундаменталдык информатика жана табигый илимдер багыттары боюнча жогорку билими бар жарандар катыша алышат.
Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылууга тийиш:
- электрондук жеке арыз;
- өздүк баракча;
- электрондук дареги көрсөтүлгөн резюме;
- соттолгондугу же соттолбогондугу тууралуу маалымат камтылган өздүк таржымал;
- негизги жана кошумча билимин ырастаган документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо);
- эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);
- илимий даража жана илимий наам ыйгарылгандыгы тууралуу документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо);
- паспорттун көчүрмөсү;
- соттолбогондугу тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымкаты.
Документтер 2026-жылдын 21-сентябрынан 1-октябрына чейин электрондук түрдө kyzmat.gov.kg мамлекеттик порталы аркылуу кабыл алынат (КР Агартуу министрлигинин Адам ресурстарын башкаруу бөлүмүнүн башкы адиси Эрмекова А.).
Дареги: Бишкек шаары, Тыныстанов көчөсү, 257
Маалымат үчүн: (0312) 62-05-09
Толук маалымат - файл
Бөлүшүңүз