РАЙОНДУК/ШААРДЫК БИЛИМ БЕРҮҮ БӨЛҮМДӨРҮНҮН КАДРЛАР РЕЗЕРВИН ТҮЗҮҮ ҮЧҮН АЧЫК КОНКУРС

Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)

15 Апрель 2026 ж. 18:13

Көрүлдү: 955

Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башкы (башчы) жана улук (башкы адис) административдик мамлекеттик кызмат орундарына кадрлар резервин түзүү максатында 2026-жылдын 16-апрелинен тартып 1-майына чейин ачык конкурс жарыялайт.

post.title

Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылууга тийиш:

-  электрондук жеке арызы;

-  өздүк баракча;

- резюме (электрондук даректи көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттолбогондугу тууралуу маалымат);

-  негизги жана кошумча билими бар болсо ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;

-   эмгек китепчесинин көчүрмөсү;

- илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;

-   паспорттун көчүрмөсү;

-   соттолбогондугу тууралуу ИИМ маалымкаты.

 

Документтерди кабыл алуу мөөнөтү: 2026-жылдын 16-апрелинен тартып 1-майына чейин (30-апрель саат 18.00 чейин).   

Байланыш телефону: (0312) 62-05-09, https://kyzmat.gov.kg/ru шилтемеси аркылуу документ тапшыруу зарыл. (КР Агартуу министрлигинин Адам ресурстарын башкаруу бөлүмүнүн башкы адиси Эрмек Аида)

Толук маалымат

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар