Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү
20 Май 2025 ж. 11:20
Көрүлдү: 2282
2025-жылдын 15-16-майында Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарына өткөрүлгөн конкурс жыйынтыкталып, жеңүүчүлөрдүн тизмеси бекитилди. Тиешелүү буйрукка кечээ, 19-майда, министрдин орун басары Альберт Махметкулов кол койду.
Белгилей кетсек, конкурс Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4-февралындагы № 56 токтомунун жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2025-жылдын 21-февралындагы № 200/1 буйругунун негизинде өткөрүлгөн.