Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү
13 Май 2025 ж. 12:53
Көрүлдү: 421
Пакистан Ислам Республикасынын Элчилиги 2025-жылдын күзгү семестри үчүн чет өлкөлүк студенттерди өлкөнүн алдыңкы техникалык жогорку окуу жайларынын бири — Пакистан Инженерия жана Прикладдык Илимдер Институтуна (PIEAS) кабыл алуу жүрүп жатканын маалымдайт.
Чет өлкөлүк студенттер үчүн мүмкүнчүлүктөр:
PIEAS чет өлкөлүк талапкерлерге толук каржыланган стипендиялык программаларды сунуштайт. Программалар бакалавриат, магистратура жана докторантура деңгээлдеринде жеткиликтүү.
Стипендия төмөнкү чыгымдарды жабат:
Эконом-класстагы авиабилет – бир жолу;
Университетке баштапкы төлөмдөрдөн толук бошотуу;
Ар бир семестр үчүн төлөмдөрдөн (окуу акысы кошо) толук бошотуу;
Чектелген медициналык камсыздандыруу (ооруканалык дарылоо);
(кош бойлуулук, стоматология жана өнөкөт оорулар камтылбайт);
Үй-бүлөлүү студенттер үчүн бир жолку туугандар менен жолугушууну колдоо;
Айлык стипендия:
Бакалавриат — 50 000 PKR
Магистратура — 55 000 PKR
Докторантура — 65 000 PKR
Постдокторантура — 130 000 PKR (1 жылга)
Стипендиянын узактыгы:
Бакалавриат – 4 жылга чейин
Магистратура – 2 жылга чейин
Докторантура – 4 жылга чейин
Постдокторантура – 1 жыл
Документтерди тапшыруу мөөнөттөрү:
Докторантура – каалаган семестрде тапшырууга болот;
Жазгы семестр (январь–май) – магистратура үчүн сунушталат;
Күзгү семестр (сентябрь–январь) – бакалавриат үчүн сунушталат.
Жашоо шарттары:
Чет өлкөлүк студенттер PIEAS университетинин жатаканасында жашай алышат. Жатакана, тамак-аш, коммуналдык кызматтар, кир жуу жана башка жеке чыгымдар студенттин өз эсебинен төлөнөт.
Сунуш: Окуу семестри башталганга чейин кеминде 5–6 ай мурда документтерди тапшыруу сунушталат.
Байланыш: PIEAS эл аралык студенттер бөлүмү:
international.students@pieas.edu.pk
📎 Толук маалыматты бул жерден жүктөп алсаңыз болот