“ЭЛ ҮМҮТҮ” СТИПЕНДИЯСЫНА ТАЛАПКЕРЛЕРДИ КАТТОО ҮЧҮН АТАЙЫН САЙТ ИШТЕП БАШТАДЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

30 Май 2023 ж. 17:51

Көрүлдү: 479

Билим берүү жана илим министрлиги Кыргыз Республикасынын Президентинин “Эл үмүтү” эл аралык стипендиясына катталуу үчүн https://umut.edu.gov.kg/ сайты иштеп баштагандыгын маалымдайт.

post.title

Талапкерлердин документтерин онлайн кабыл алуу 1-июндан 30-июнга чейин жүргүзүлөт. https://umut.edu.gov.kg/ порталы аркылуу каттоо формасын толтуруп, талап кылынган документтерди жүктөө керек. Ошондой эле документтердин оригиналын министрликтин 3-кабатында жайгашкан 317-кабинетине тапшыруу зарыл.

Жыл сайын 50 “Эл үмүтү” стипендиясы бөлүнөт, алардын ичинен техникалык жана инженердик багыттар боюнча магистрлерди даярдоого - 20, экономикалык багыттар боюнча магистрлерди даярдоого - 10, социалдык-гуманитардык багыттар боюнча магистрлерди даярдоого - 10, философия доктору PhD программалары боюнча окутуу үчүн - 10.

“Эл үмүтү” стипендиясы жекече болуп саналат жана жыл сайын Республикалык комиссия тарабынан конкурстук тандоодон өткөн таланттуу жаштарга ыйгарылат.

“Эл үмүтү” стипендиясы жыл сайын Кыргыз Республикасынын Президентинин фондунун каражатынан бөлүнүп турат.

“Эл үмүтү” стипендиясы Кыргыз Республикасынын таланттуу жаштарына көмөк көрсөтүү максатын көздөйт. Стипендия таланттуу жаштарга QS World University Rankings, Times Higher Education топ-100 дүйнөлүк рейтингине кирген чет өлкөлүк жогорку окуу жайларында магистр жана PhD доктору деңгээлинде билим алуу мүмкүнчүлүгүн түзөт.

Стипендия катышуунун шарттары тууралуу кененирээк маалымат – https://edu.gov.kg/announcements/232/

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар