КАЗАКСТАНДЫН ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРЫНДА БИЛИМ АЛУУ ҮЧҮН 50 СТИПЕНДИЯ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

23 Май 2023 ж. 18:09

Көрүлдү: 868

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги 2023-2024-окуу жылына карата Казакстан Республикасынын жогорку окуу жайларында билим алууну каалаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын арасынан конкурстук тандоону жарыялайт.

post.title

Казакстан Республикасы Кыргыз Республикасынын жарандарына бакалавриат, магистратура жана резидентура программалары боюнча окуу үчүн 50 орун бөлөт.

Конкурстук тандоого катышуу үчүн талапкерлер http://student.edu.gov.kg/ онлайн системасында “2023-2024-окуу жылына Казакстан Республикасынын ЖОЖдоруна кабыл алуу” бөлүмүнө катталып, керектүү документтерди 2023-жылдын 22-июну саат 23:59 чейин жүктөшү керек. Каттоо жана документтерди тапшыруу шарттары тууралуу көбүрөөк маалымат алуу үчүн “Жарыялар” бөлүмүн караңыз. https://edu.gov.kg/announcements/238/

Эскертүү! Документтердин толук эмес пакетин камтыган өтүнмөлөр автоматтык түрдө четке кагылат!

Маанилүү! Транспорттук жана башка чыгымдар стипендиялык программанын катышуучулары өз алдынча каржылайт.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар