«STIPENDIUM HUNGARICUM»: 2023-2024-ОКУУ ЖЫЛЫНДА ВЕНГРИЯНЫН ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРЫНДА БИЛИМ АЛУУ ҮЧҮН КОНКУРСТУН ЖЫЙЫНТЫГЫ ЧЫКТЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

4 Март 2023 ж. 23:30

Көрүлдү: 2516

Бакалавриат программасы жана бир деңгээлдүү магистрдик программанын талапкерлери үчүн баалоо жетишкендиктеринин орточо көрсөткүчү (аттестатындагы/транскриптиндеги баалар) жана англис тилин билүү деңгээлинин(TOEFL/IELTS) негизинде жүргүзүлдү.

post.title

 Магистратура жана докторантура программалары үчүн баалоо жетишкендиктеринин орточо көрсөткүчү (аттестатындагы/транскриптиндеги баалар) жана англис тилин билүү деңгээлинин(TOEFL/IELTS) негизинде жүргүзүлдү.

   Бардык багыт боюнча квоталардын саны student.edu.gov.kg сайтына келип түшкөн өтүнмөлөрдүн жалпы санынын негизинде аныкталды.

     Баалоо академиялык жана жарандык коомдун өкүлдөрүнөн куралган көз карандысыз Тандоо комитети тарабынан жүргүзүлдү.

     Бардык сунушталган талапкерлер стипендия алуу үчүн бирдей укукка ээ болуп саналат.

   Мындан аркы тандоо Венгрия тарабынан ар бир университеттин талаптарына, эрежелерине жана мүмкүнчүлүктөрүнө ылайык жүргүзүлөт. Тандоонун жыйынтыгы боюнча ЖОЖдор Темпус коомдук фондуна (Венгрия) жана талапкерлердин өздөрүнө аларды окууга кабыл алууга даяр экендиктерин билдиришет, бирок университеттен келген тастыктоо стипендия берилгендиги тууралуу акыркы чечим болуп саналбайт.

  Стипендия берилгендиги же берилбегендиги тууралуу акыркы чечимди Венгриянын ЖОЖдорунан алынган тастыктоолордун негизинде Темпус коомдук фондунун Камкорчулар Кеңеши (Венгрия) кабыл алат.

СУНУШТАЛГАНДАРДЫН ТИЗМЕСИ

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар