СТИПЕНДИЯ: КЫТАЙДЫН ЖАНА ВЕНГРИЯНЫН ЖОЖдоруна ДОКУМЕНТТЕРДИ КАБЫЛ АЛУУ УЛАНУУДА

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

9 Январь 2023 ж. 11:24

Көрүлдү: 2526

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги 2023-2024-окуу жылында Венгриянын жана Кытай Эл Республикасынын жогорку окуу жайларында билим алуу үчүн сынактык тандоого катышууга документтерди кабыл алуу 2023-жылдын 15-январына чейин жүргүзүлө тургандыгын маалымдайт.

post.title

Кыргыз Республикасынын жарандарына Венгриянын ЖОЖдорунда бакалавриат, бир деңгээлдүү магистрдик программа, магистратура жана докторантура программалары боюнча венгр же англис тилдеринде окуу үчүн гранттар бөлүнөт.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн Кытай Эл Республикасынын жогорку окуу жайларында бакалавриат, магистратура, докторантура программалары жана тил такшалмасы боюнча стажировка өтүү үчүн гранттык орундар берилет.

Венгриянын стипендиялык программасына катышуу үчүн кененирээк маалымат https://edu.gov.kg/announcements/172/

Кытай Эл Республикасынын жогорку окуу жайларында билим алуунун шарттары жөнүндө толугураак маалымат https://edu.gov.kg/announcements/165/

Көңүл буруңуз!

Конкурстук сыноолорго каттоо жана катышуу акысыз негизде жүргүзүлөт. Башка агенттиктер аркылуу тапшырбаңыз жана алардын тапшыруу кызматтары үчүн акы төлөбөңүз.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар