КЫТАЙДЫН ЖОЖдорунда ОКУУ ҮЧҮН СЫНАККА АРЫЗДАРДЫ КАБЫЛ АЛУУ УЛАНУУДА

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

23 Ноябрь 2022 ж. 18:00

Көрүлдү: 3071

Билим берүү жана илим министрлиги 2023-2024-окуу жылына карата Кытай Эл Республикасынын жогорку окуу жайларында билим алуу үчүн сынакка арыздарды кабыл алуу уланып жатканын эскертет.

post.title

Кыргызстандын жарандары Шанхай шаарында 2006-жылдын 15-июнунда Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосундагы билим берүү жаатындагы кызматташтык жөнүндө макулдашуунун жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Билим берүү министрлигинин ортосундагы 2015-жылдын 16-декабрында Пекин шаарында кол коюлган билим берүү жаатындагы кызматташтык жөнүндө макулдашуунун алкагында бакалавриат, магистратура, докторантура программалары жана тил такшалмасы боюнча стажировка өтүүгө өтүнмөлөрдү бере алат.

Стипендиялык программага катышуунун шарттары жана талаптары Билим берүү жана илим министрлигинин https://edu.gov.kg/announcements/165/ сайтында жайгаштырылган.

Арыз http://student.edu.gov.kg/» онлайн системасында толтурулушу керек.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар