Мектепке чейинки билим берүү башкармалыгы
Мектепке чейинки билим берүү башкармалыгы
ЗАМИРА БАКИРОВНА ТЕНИЗБАЕВА. НЕКРОЛОГ

Көрүлдү: 503

2022-жылдын 30-майында Бишкек шаарындагы №82 - мектепке чейинки билим берүү уюмунун директору Тенизбаева Замира Бакировна мезгилсиз дүйнө салды.

post.title

Замира Бакировна 1965-жылы 23-сентябрда жарык дүйнөгө келген.

Ал Фрунзедеги орус тили жана адабияты педагогикалык институтун бүтүрүп, эмгек жолун 1988-жылы Бишкек шаарында № 27 орто мектепте баштаган.

1995-2008 ж. Бишкек шаардык депутаттар Кеңешинде башкы адис болуп эмгектенген.

2009-2009-ж. Бишкек шаарынын мэриясында;

2009-2010 ж. Бишкек шаарынын Билим берүү Башкармалыгында башкы адис болуп иштеген.

2012-жылдан ушул күнгө чейин Бишкек шаарынын Октябрь районунун №82 МЧББУда директор болуп иштеп келген.

Замира Теңизбаева Билим берүүнүн отличниги, көптөгөн ардак грамота, сыйлыктардын ээси.

Кесиптештери аны өз кесибин сүйгөн чыныгы адис, иштин көзүн таба билген жетекчи болгон деп эскерет.

Билим берүү жана илим министрлигинин эмгек жамааты Замира Бакировнанын дүйнө салгандыгына байланыштуу үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат. Замира Бакировнанын жаркын элеси кесиптештеринин жүрөгүндө түбөлүк сакталат.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар