Көрүлдү: 48
1 жаштан 6 жашка чейинки балдарды өнүктүрүү программасы (мындан ары - Программа) "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын «Мектепке чейинки билим берүү жана балдарга кам көрүү» мамлекеттик билим берүү стандартына, «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына , Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 65 токтомунун "Манас" эпосун изилдөө жана популярдаштыруу боюнча концепциясына, Балдар кодексине , ошондой эле балдардын укуктарынын принциптерине ылайык иштелип чыкты. Программа «Алтын Казык» мамлекеттик программасынын артыкчылыктарын эске алат жана мектепке чейинки билим берүүнүн вариативдик жана парциалдык программаларын иштеп чыгуу үчүн негиз боло алат.
Календарлык план -балдар менен иштөөдө алардын ишинин бардык түрлөрүн жана тиешелүү иштердин формаларын, анын ичинде ар бир балага күн сайын кам көрүү жана көзөмөлдү камсыз кылуу боюнча педагогдун жана анын жардамчысынын иш-аракетин пландаштырууну караган негизги документ болуп саналат;
1 жаштан 6 жашка чейинки балдарды өнүктүрүү программасы
1-6 жашка чейинки балдардын өнүгүү программасындагы болжолдуу календардык-тематикалык планы