Мектепке чейинки билим берүү башкармалыгы
Мектепке чейинки билим берүү башкармалыгы
Ата-энелер/мыйзамдуу өкүлдөр үчүн баланы бала бакчага кабыл алуу тууралуу арыз берүүнүн кадамдык нускамасы

Көрүлдү: 17647

Бул Нускама «Мектепке чейинки билим берүү уюмдарында электрондук комплекттɵɵ жɵнүндɵ» жобого ылайык иштелип чыкты.

post.title

КАНТИП АРЫЗ БЕРҮҮ КЕРЕК?

 

Арыз берүү үчүн төмөнкү маалыматтарды ырааты менен толтуруңуз:

 

1. Баланын кимиси экениңизди көрсөтүңүз?

  • Атасы;
  • Апасы;
  • Мыйзамдуу өкүлү (бул пунктту тандаганда тийиштүү документти тиркөө талап кылынат).

 

2. Баланын ата-энеси/мыйзамдуу өкүлү тууралуу маалыматтар:

  • Жарандыгы;
  • Жеке идентификациялык номери (ЖИН), аты-жөнү, паспорттук маалыматтары (сериясы, номери);
  • Уюлдук телефон номери;
  • (Логин жана пароль келе турган) негизги электрондук почтасы;
  • Кошумча электрондук почтасы (Электрондук почталар каттоо жазуусун калыбына келтирүү үчүн зарыл);
  • Жеңилдик бар/жок (бул пунктту тандаган учурда тийиштүү документти тиркөө талап кылынат).

 

3. Бала тууралуу маалыматтар:

  • Баланын жеке идентификациялык номери (ЖИН), аты-жөнү, туулган күнү, жынысы;
  • Туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн сериясы, номери;
  • Балага билим алуу үчүн жеңилдик бар/жок (бул пунктту тандаган учурда тийиштүү документти тиркөө талап кылынат).

 

4. Бала бакчаны тандоо:

  • Эңсеген окутуу тили;
  • Арыз берүүчү каалаган бала бакчаны тандай алат.

 

5. Арыз берерден мурда толтурулган маалыматтарды карап чыгуу:

  • Арыз берерден мурда арызда толтурулган маалыматтардын тууралыгын текшерүү талап кылынат.
  • Арызыңыз тастыкталгандан кийин сиздин электрондук почталарыңызга мектепке чейинки билим берүү уюмуна (бала бакчага) кабыл алуу үчүн арыз ийгиликтүү берилгендиги тууралуу билдирме жөнөтүлөт.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар