Мектепке чейинки билим берүү башкармалыгы
Мектепке чейинки билим берүү башкармалыгы
Бардык бала бакчаларга балдарды киргизүү эми «Электрондук кезек» системасы аркылуу ишке ашырылат

Көрүлдү: 813

2022-жылдын 11-мартынан 18-мартына чейин мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын директорлору, райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн жана башкармалыктарынын башчылары жана жооптуу адистери үчүн окутуу семинары өткөрүлдү.

post.title

Кыргыз Республикасынын мектепке чейинки билим берүү уюмдарына «Электрондук кезек» автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу кабыл алуу боюнча окутуу семинарын Билим берүү жана илим министрлиги Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу «Инфоком» мамлекеттик ишканасы менен биргеликте уюштурган.
Белгилей кетсек, мектепке чейинки билим берүү уюмдарына электрондук кезекти киргизүү ар бир баланын мектепке чейинки билим берүү уюмунда тиешелүү билимди алууга бирдей укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн камсыздоо максатында жүргүзүлүп жатат. 
Бул системаны 2022-жылдын 11-апрелинен тартып республиканын бардык бала бакчаларында ишке киргизүү күтүлүүдө.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар