Мектепке чейинки билим берүү башкармалыгы
Мектепке чейинки билим берүү башкармалыгы
Ноокен районунун бала бакчаларында 260 орун кошулду

Көрүлдү: 576

2021-жылдын декабрында Момбеков айыл өкмөтүнө караштуу Таштак айылында 75 орундуу № 49 «Таштак» бала бакчасы, Шайдан айыл өкмөтүнө караштуу Алма айылында 100 орундуу № 48 «Салия» бала бакчасы ишке киргизилди, Бүргөндү айыл округуна караштуу Жаңы-Арык айылында № 28 «Алтын-Уя» бала бакчасына кошумча 85 орундуу 3 тайпа  кошулду.

post.title

Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн карамагында 57 бала бакча бар. Аларда 6012 бала билим, тарбия алып жатат. Бала бакчалардын ичинен 38 бала бакча типтүү имараттарда, 19 бала бакча ыңгайлаштырылган имараттарда жайгашкан.

«Мектепке чейинки билим берүү жана балдарды багуу жөнүндөгү» мамлекеттик билим берүү стандартына ылайык райондун аймагындагы бала бакчаларда бардык балдар жаш өзгөчөлүгүнө жараша  тайпаларга бөлүнгөн. Район боюнча жалпы 209 тайпа болсо, анын ичинде 30 - ымыркайлар тайпасы, 62 - кенже тайпа, 60 - ортоңку тайпа, 49 - улуу тайпа, 8 - даярдоо тайпасы.

2021-жылдын 4-кварталында 57 бала бакчада  5980 бала болуп, камтуу 44 % түздү.

«Келечек  үчүн  билим» долбоорунун  алкагында  райондун  мектеп  жана  мектепке  чейинки  билим  берүү уюмдарынын базасында кыска мөөнөттүү 20 бала бакчаны ачууга аракеттер жасалууда.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар