Мектепке чейинки билим берүү башкармалыгы
Мектепке чейинки билим берүү башкармалыгы
Жети-Өгүз районунда мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жайларын оптималдаштыруу иштери башталды

Көрүлдү: 0

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-декабрындагы “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги №201 “Коомдук саламаттыкты сактоо жаатындагы актыларды бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” № 689 токтомун ишке ашыруу максатында региондордо мектепке чейинки билим берүү уюмунун жайларын эффективдүү пайдалануу аракеттери жүрүүдө. Алардын катарында, Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Жети-Өгүз районундагы “Керемет” мектепке чейинки билим берүү уюмунда болуп, анда Жети-Өгүз районунун мамлекеттик администрациясынын, райондук билим берүү бөлүмүнүн, мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушууда министр Догдуркүл Кендирбаева жетекчилерге мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жайларын оптималдаштыруу, Өкмөттүк Акселераторлор программасынын алкагында мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүдөгү тоскоолдуктарды кыскартуу жана балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну жогорулатуу долбоорун аймактарга жайылтууну күчөтүү, мектепке чейинки билим берүүдө япон ыкмаларын колдонуу, уюмдарга стандарттык эмес өнүгүүнү киргизүү тапшырмаларын берди.

post.title

  

https://www.facebook.com/share/C9K4xnXCb2RUmAzS/?mibextid=WC7FNe

 

https://www.facebook.com/share/p/yYRFbgpR7hZDsFH5/?mibextid=WC7FNe

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар