Мектепке чейинки билим берүү башкармалыгы
Мектепке чейинки билим берүү башкармалыгы
КР БИМ кызматкерлерине социалдык жана экологиялык коргоо чаралары боюнча семинар өткөрүлдү

Көрүлдү: 931

Бүгүн, 24-ноябрда, Билим берүү жана илим министрлигинде “Келечек үчүн билим берүү” долбоорун ишке ашырууда колдонулуучу Дүйнөлүк банктын социалдык жана экологиялык коргоо чаралары менен тааныштыруу семинары өткөрүлдү.

post.title

Билим берүү жана илим министрлиги Дүйнөлүк банктын финансылык колдоосунда “Келечек үчүн билим берүү” долбоорун баштаган. Долбоордун алкагында өлкө боюнча туруп калган имараттардын базасында кыска мөөнөттүү 500 бала бакча уюштурулуп, анын жардамында 20 миң бала бакчага тартылат. Долбоорду ишке ашырууда айлана-чөйрөнү коргоого жана социалдык таасирлерге өзгөчө көңүл бурулууга тийиш.

Долбоордун экология жана социалдык маселелер боюнча адиси Каныбек Жумалиев семинардын катышуучуларын Дүйнөлүк банктын социалдык-экологиялык стандарттары менен тааныштырып, төмөндөгү пункттарга кеңири токтолду:

  • СЭС 1 Социалдык-экологиялык тобокелдиктерди жана таасирлерди баалоо, башкаруу;
  • СЭС 2 Кызматкерлер жана эмгек шарттары;
  • СЭС 3 Ресурстарды натыйжалуу пайдалануу жана айлана-чөйрөнүн булганышын алдын алуу;
  • СЭС 4 Калктын коопсуздугун жана саламаттыгын камсыздоо;
  • СЭС 10 Кызыкдар тараптар менен өз ара аракеттенүү жана маалыматты ачыкка чыгаруу.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар