Мектепке чейинки билим берүү башкармалыгы
Мектепке чейинки билим берүү башкармалыгы
Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилиги Бишкек шаарындагы 10 бала бакча үчүн материалдык жардамдарды берди

Көрүлдү: 0

28-ноябрда Бишкек шаарындагы 10 бала бакчага материалдык жардамдарды Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Ду Девень Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаевага тапшырды.

post.title

Атап айтсак, Бишкек шаарындагы Биринчи май районунун №4, №5, ал эми Октябрь районунун №6, №30, №61, №72, №118, №145, №148, №184 мектепке чейинки билим берүү уюмдарына 1 даанадан компьютер, принтер, Smart сыналгы жана 13 даанадан балдардын аң сезимин өнүктүрүүчү  оюнчуктар берилди. Бул материалдык жардамдар Кытай Эл Республикасы менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы билим берүү жаатындагы кызматташтыкты бекемдөө максатында берилип жаткандыгы жана мындан ары да тыгыз кызматташуу уланары белгиленди.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар