Мектепке чейинки билим берүү башкармалыгы
Мектепке чейинки билим берүү башкармалыгы
Бишкекте "Өзбекстан Республикасындагы мектепке чейинки билим берүү тармагындагы реформалар, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк, балдардын тамактануусун уюштуруу (аутсорсинг)" деген темада семинар болду

Көрүлдү: 0

23-ноябрда И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын мектепке чейинки билим берүү тармагында тажрыйба алмашуу боюнча семинар болуп өттү. Аталган семинарга  Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева, министрдин орун басары М.У. Касымалиев, министрликтин мектепке чейинки билим берүү башкармалыгынын кызматкерлери, Кыргыз Билим берүү Академиясынын, Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун, И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин, Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү департаментинин, Бишкек шаарынын мэриясынын алдындагы райондук билим берүү борборлорунун кызматкерлери, билим берүү уюмдарынын директорлору жана Өзбекстандан коноктор катышты.

post.title

Семинардын жүрүшүндө Өзбекстан Республикасынын мектеп жана мектепке чейинки билим берүү министринин орун басары, Мектепке чейинки билим берүү агенттигинин  директору Агриппина Шин Өзбекстандагы мектепке чейинки билим берүү: сапатты жогорулатуудагы тажрыйбалар жана келечектеги багыттар боюнча презентация жасады. 5 жыл ичинде  мектепке чейинки билим берүү тармагында 108 ченемдик-укуктук  актылар кабыл алынганын айтты. Мындан сырткары Агриппино Шин  мектепке чейинки билим берүүнүн альтернативдүү (мобилдүү) формалары боюнча долбоордун ишке ашырылышынын жыйынтыктары, камтуунун өсүүсү, инвестициялык долбоорлордун алкагындагы ишке ашырылган алтернативдүү моделдер, инфраструктура, коопсуз предметтик-өнүгүү чөйрөнү уюштуруу, экосистеманы түзүү, экология, математика жана англис тили боюнча парциалдык программалары тууралуу сөз кылды. Иш чаранын катышуучулары коңшу мамлекеттин мектепке чейинки билим берүү тармагындагы акыркы жетишкендиктер менен таанышты. Семинардын аягында  министр Догдуркүл Кендирбаева жогоруда айтылып өткөн багыттарда тыгыз кызмтташуу үчүн жакынкы күндөрдө   Кыргызстандан делегация  Өзбекстан мамлекетине барарын белгилеп кетти.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар