Мектепке чейинки билим берүү башкармалыгы
Мектепке чейинки билим берүү башкармалыгы
БАЛА БАКЧАЛАРДЫН БАЛДАР ОЙНОЧУ АЯНТЧАЛАРЫ ЯПОН ГРАНТЫНЫН ЭСЕБИНЕН ОҢДОЛОТ

Көрүлдү: 0

2023-жылдын 2-октябрында Япония өлкөсүнүн  «WakuWaku corporations” компаниясынын директору Тсужи Юко, «Happy Village LLC.” компаниясынын директору  Фукуда Мики   «Happy Village LLC” компаниясынын директору Фукуда Мики жана «Ume Hashi” компаниясынын башкы директору Курихара Сан жана аталган өлкөнүн бир катар өкулдөрү Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрация башчысы-акими Э.И.Бахавадинов менен жолугушуп, райондогу турмуштун оор кырдаалына кабылган балдар менен кезигип, алардын ал акыбалынан кабар алып, белектерин беришти.

post.title

   Андан соң Жети-Өгүз районундагы бала бакчаларга барып, бала бакчалардын балдар ойноочу аянтчаларына грант катары өз жардамдарын көрсөтө тургандыктарын билдиришти. https://www.facebook.com/100024907939941/posts/1468418257331758/?d=w&mibextid=CiQNtE   

    Ал эми 4-октябрь  күнү Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары Аида Рысбаева менен жолугушуп, мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын ишмердүүлүгүн колдоо, кайрымдуулук жүргүзүү боюнча  сүйлөшүүлөр болду. Андан сырткары  мындар ары да Япон кайрымдуулук уюму менен кызматташуу боюнча биргеликте иш алып баруу жагы макулдашылды. 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар