Мектепке чейинки билим берүү башкармалыгы
Мектепке чейинки билим берүү башкармалыгы
"ЖЫЛДЫН МЫКТЫ ТАРБИЯЧЫСЫ-2023" СЫНАГЫ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

Көрүлдү: 0

5-октябрда Бишкек шаарында 2022-2023-окуу жылындагы "Мыкты тарбиячы" ж.б. наамдарына талапкерлердин сынагынын республикалык этабы жыйынтыкталды.

post.title

 

    Сыйлык тапшыруу аземине Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу Догдуркул Кендирбаева жана билим берүү тармагынын кызматкерлери катышты. Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов 2022-2023-окуу жылынын "Жылдын мыкты тарбиячысы" ж.б. сынактарынын жеңүүчүлөрүнө баалуу белектерди жана сыйлыктарды тапшырды. Республикалык сынакта 1-орунга ээ болгон тарбиячыга акчалай сыйлык, Билим берүү жана илим министрлигинин диплому, 2-3-орундарга ноутбуктар,  активдүү катышкан тарбиячыга телевизор тапшырылды:


1. Бишкек шаарындагы Биринчи май районунун №11"Ак-кеме" мектепке чейинки билим берүү уюмунун тарбиячысы Таттыбүбү Мамбеткулова-"Жылдын мыкты тарбиячысы" республикалык конкурсунда 1-орунду;


2. Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарынын №3 "Ай-Данек" МЧББУнун тарбиячысы Любовь Белова-"Жылдын мыкты тарбиячысы" республикалык конкурсунда 2-орунду;


3. Ош шаарындагы "Асан-Үсөн" МЧББУнун тарбиячысы Мээрим Тыныбекова "Жылдын мыкты тарбиячысы" республикалык конкурсунда 3-орундарды ээлешти.

 

 

 

 

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар