Мектепке чейинки билим берүү башкармалыгы
Мектепке чейинки билим берүү башкармалыгы
Кыргыз билим берүү академиясында Окуу паспортунун түзүлүшү жана мазмуну талкууланды

Көрүлдү: 863

Бүгүн, 19-октябрда, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Кыргыз билим берүү академиясында министрлик тарабынан ЮНИСЕФтин колдоосу менен мектепке чейинки билим берүү боюнча педагогдордун дараметин жогорулатуу максатында иштелип жаткан Окуу паспортунун (мектепке чейинки билим берүү бөлүгү) түзүлүшү жана мазмуну талкууланды.

post.title

Иш-чарага Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү, Кыргыз билим берүү академиясынын жетекчилиги жана кызматкерлери, ошондой эле ЮНИСЕФтин консультанттары катышышты.

Аталган иш-чарада Окуу паспортунун интерфейси көрсөтүлдү жана педагогдор үчүн материалдарды жайгаштыруу түзүмү, принциби талкууланды.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар