Мектепке чейинки билим берүү башкармалыгы
Мектепке чейинки билим берүү башкармалыгы
Өкмөттүк Акселераторлор

Көрүлдү: 0

Билим берүү уюмдарынын окутууда тренер катары катышууга кызматташуусу

post.title

📣🌐 Билим берүү ишине лицензиясы бар билим берүү уюмдарын “Өкмөттүк акселераторлор” – “Мектепке чейинки билим берүү  кызматтарын көрсөтүү үчүн  тосколдуктарды кыскартуу жана балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну жогорулатуу” программасынын алкагында кызматташууга чакырат. 

 

✅ Билим берүү уюмдарынын окутууда тренер катары катышууга кызматташуусу.

 

🎯“Өкмөттүк акселераторлор” программасынын алкагында мамлекет Бишкек шаарынын Ленин жана Биринчи май райондорунун жаңы конуштарында балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну жогорулатууну көздөйт.

 

🔖 Азыркы учурда “ЖЕКЕ ИШКЕРЛЕР ТАРАБЫНАН КӨРСӨТҮЛҮҮЧҮ МЕКТЕПКЕ ЧЕЙИНКИ БИЛИМ БЕРҮҮ КЫЗМАТТАРЫ” башталгыч курсунун алкагында  окуудан өтүү үчүн жеке жактардан билдирмелерди  кабыл алуу жүргүзүлүүдө, окуу
1️⃣ мектепке чейинки билим берүүдөгү базалык компетенцияларды;
2️⃣ санитардык жана өрт өчүрүүчү коопсуздуктардын минималдык талаптарын; 
3️⃣ ишкердикти жүргүзүүдө негизги көндүмдөрдү камтыйт.

 

Окутуунун узактыгы 3 күнгө эсептелген. Болжол менен 1 күндө 6-8 сааттан. 

 

🚺 Башталгыч курс мектепке чейинки билим берүү кызматын пландаштырган же буга чейин кызмат көрсөтүп келген өзгөчө аялдарга  арналган. Окугандардын  жашы 18 жаштан жогору, орто  билими барлар. Окутуу орус жана кыргыз тилдеринде жүргүзүлөт.  

 

🔗Кызыктар жактарга бул шилтеме боюнча билдирмелерди  жөнөтүүнү суранабыз: https://forms.gle/nBrWAFVfyB5ex5Nq7

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар