Мектепке чейинки билим берүү башкармалыгы
Мектепке чейинки билим берүү башкармалыгы
Камкорчулар кеңешин түзүүгө көмөктөшүүчү улуттук тренерлер окутула баштады

Көрүлдү: 962

«Камкорчулар кеңеши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жалпы билим берүүчү уюмдарда ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги жана Кыргызстандагы Ага Хан Фонду республика боюнча 400 улуттук тренерди даярдоо боюнча иш-чараларды өткөрө баштады.

post.title

Даярдыктан өткөн улуттук тренерлер 2021-2022-жылдар аралыгында өлкө боюнча 2 миңден ашык билим берүү уюмдарында окутууларды өткөрүшөт жана Камкорчулар кеңештерин түзүүгө көмөктөшүшөт. Улуттук тренерлерди окутуу 2021-жылдын 9-сентябрында Чүй областында башталды, ушундай эле окутуулар сентябрь айында өлкөнүн башка областтарында да өткөрүлөт.

Аталган демилге Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Дүйнөлүк банк жана Япония Өкмөтү тарабынан колдоого алынган “Кыргыз Республикасындагы мектептерди жакшыртууда коомчулукту иш-чараларга тартуу” долбоорунун алкагында өткөрүлүүдө жана бул долбоордун алкагында 2017-жылдан бери республика боюнча 400гө жакын Камкорчулар кеңеши түзүлүп, окутуудан өткөрүлдү. Түзүлгөн Камкорчулар кеңештери жергиликтүү жамаатты жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тартуу механизмдерин колдонуп, социалдык отчёттуулукту күчөтүү менен мектептин деңгээлинде приоритеттүү милдеттерди аныктоо жана чечүү иш-чараларын уюштурушту. Бүгүнкү күндө Камкорчулар кеңештери тарабынан 1 млн АКШ доллары суммасындагы чакан долбоорлордун ийгиликтүү ишке ашырылышы долбоордун эң негизги натыйжаларынын бири болуп калды. 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар