«Кыргыз Республикасында билим берүү тармагын колдоо» долбоору
«Кыргыз Республикасында билим берүү тармагын колдоо» долбоору
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кечээ, 10-октябрда, Европа Биримдигинин Борбор Азиядагы Атайын өкүлү Тери Хакаланы кабыл алды

Көрүлдү: 0

Тараптар эки тараптуу өз ара аракеттенүүнү активдештирүү, сапар алмашуу жана Кыргызстан менен ЕБ ортосунда Кеӊейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык боюнча келишимге кол коюу маселелерин талкуулап, глобалдык күн тартибиндеги кеңири чөйрөдөгү, анын ичинде регионалдык коопсуздуктун маселелери боюнча пикир алмашты.

post.title

 

Мамлекет башчысы быйыл 30 жыл толуп жаткан Европа Биримдиги менен эки тараптуу кызматташтык ийгиликтүү өнүгүп жатканын канааттануу менен белгиледи. Бүгүнкү күндө Европа Биримдиги Кыргызстан үчүн маанилүү жана артыкчылыктуу тышкы саясат өнөктөшү бойдон калууда жана кыргыз тарап бул кызматташтыкты өнүктүрүүгө даяр. Өз кезегинде Атайын өкүл Чолпон-Ата шаарында болуп өткөн Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын Төртүнчү консультативдик жолугушуусунун актуалдуулугун белгилеп, учурда дүйнөдө болуп жаткан турбуленттик мезгилде Борбор Азия өлкөлөрүнүн бүтүндүгүн сактоо маанилүү экенин белгиледи.

Европа Биримдигинин Борбор Азиядагы Атайын өкүлү Тери Хакала кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы соңку кайгылуу окуяларга байланыштуу көңүл айтты. Ал Кыргызстандын жапа чеккен аймактарына ЕБ тарабынан гуманитардык жардам бөлүнгөнү тууралуу маалымат берип, ошондой эле чек ара маселелерин тез арада жөнгө салууга көмөк көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

#EU4KG

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар